www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Мелис Турганбаев спорттук делегация менен Токиого кетти

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталды. Мамлекеттик спорт агенттиги билдиргендей, кыргызстандык спортчулары оюнга активдүү катышууда.  

Токиодогу Олимпиада оюндарына кеткен Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамынын катарында Күрөш федерациясынын вице-президенти, экс-министр Мелис Турганбаев дагы бар.

Турганбаев Японияга Күрөш федерациясынын вице-президенти, Эркин күрөш федерациясынын президенти, Азия күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү катары кеткен.  

Учурда ал ардагер спортчу катары Кыргызстандын жаш спортчуларын колдоп, дем-күч берүүдө.

Мелис Турганбаев 1962-жылы 19-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган. 1986-жылы СССР ИИМдин Ленинграддагы Жогорку курсун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1986 - Кыргыз ССР ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери;

  • 1987 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер;
  • 1993 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 1996 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • 1998 — КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
  • 2000-жылдан тарта КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001 — Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБдин жетекчиси. Ушул эле жылы Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • 2005 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2006 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2008 — Ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • 2008 — Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору;
  • 2010 — КР Ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • 2014 — КР ички иштер министри болуп дайындалган;
  • 2016-жылдын 30-майында өз каалоосу менен министрлик кызматтан кеткен;
  • 2019-жылдын 8-февралында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Учурда Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти.

"Данк", "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" II деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктарды алган. Милициянын генерал-майору наамы бар.

Мелис Турганбаев 2019-жылы өктөн Грузияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатта алтын медаль жеңген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости