www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Габриэла Геллил менен жолукту.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана гуманитардык алакалар боюнча кеңири сөз болду. Элчи өз сөзүндө Жалал-Абад кооз жана жашыл шаарга айланаарына тилектеш экенин билдирип, калктын саламаттыгы жана билим берүү жаатында Германия өлкөсү Кыргызстан, анын ичинде Жалал-Абад шаары менен мындан ары да тыгыз кызматташа турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Германия Федеративдүү Республикасынын каржылоосу менен калкка ар кайсыл тармакта колдоо көрсөткөн бир катар фонддор иш алып барып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости