www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министр элдин талабы жана каалоосу менен калыс шайлоо өткөрүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюлганын эскерткен.

"Дүйнөлүк практика жана жакынкы тарых көрсөткөндөй калыс, адилеттүү атаандаштык маанайда өткөн шайлоо элдин эртеңки келечегине болгон ишенимди жаратып, жарандардын туруктуу жашоосун камсыз кылары баарына белгилүү болуп калды. 5-ноябрь күнү шайлоого аттанган 21 партия атайын Меморандумга кол койгон. Анда бардык тараптар Конституция талаптарын кынтыксыз аткарууга, шайлоо мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоого милдеттеме алышкан. Бирок, тилекке каршы, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуулар күнүгө катталууда", — деди Ниязбеков.

Буга байланыштуу ал шайлоону тынч жана укук бузууларсыз өткөрүүгө катардагы кызматкерден баштап жетекчилерге чейин жооптуу экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости