www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-ноябрда Дүйшөмбү шаарында «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» диалогуна катышуунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддиндин жолугушуусу болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакбаев кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык түрдө каттоону мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү көздөп жатканын билдирди.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.

Тараптар экономикалык кызматташуунун келечегин, ошондой эле жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүү жана өлкөлөр ортосундагы жүк ташууларды ишке ашырууну либералдаштыруу маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости