www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майда “Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды”, деген жергиликтүү ММКларда маалымат тараган. NazarNews сайты, окуянын чоо-жайын билүү үчүн, маркумдун атасы менен бирге Чүй областынын Жайыл РИИБне аттандык.

Кандуу окуя болгон Чүй областынын Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү имаратына сырткы короодон кирип барганда эле 2 мүнөтткө созулат экен. Астананы аттаганда эле, оң жакта “Жарандарды кабыл алуу бөлмөсүн”, кытайдан жасалган каалганы көрдүк. Так ушул кабинетте кандуу окуя болгон.

Каалганы көргөндө эле, укук коргоо органдарынын жергиликтүү ММКларга берген маалыматында “эшикти талкалап, күч менен ачтык”, деген сөзүнө шек менен карадык.

Себеби, каалганын талкаланбаганын жана жалгыз бир эле изди көрүүгө болот. Ал из, спорттук бут кийим (красовка). Ал эми каалганын туткасы, этияттык менен чечилип алынгандай, жылчыгынан кабинеттин бурчунан дубалга жайылган канды көрүүгө болот.

Маркум кыздын атасы, Чүй областынын Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен жолугуп сүйлөшөм деген үмүтү өчтү. Анын ордуна аталган бөлүмдүн орун басары чыгып, болуп өткөн окуя боюнча 15 адамга кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, кол астындагы кызматкерлерине "акырын тигилерди чыгарып салчы”, деп кирип кетти.

Маркумдун атасын түйшөлткөн маселе, кызын мыкаачылык менен өлтүргөн, “Марсбек Бөдөшов чын эле ооруканадабы?” деген суроо болгондуктан жергиликтүү ооруканага карай аттандык. Биздин топ барган учурда оорукананын экинчи кабатында, чын эле эки милиция жана жарандык кийим кийген ооруканын хирургиялык бөлүмүн кайтарып турганына күбө болдук.

Маркумдун атасы ооруканадан, кылмышка шектүүнү кайтарып турган укук коргоо органдарынын көргөндөн кийин көксөөсү сууп, аз болсо дагы ишеним менен артка кайтып:

--Менин Сергей деген кошунам бар. Ошол кошунамдын Миша деген баласына “кыз өзү унаага олтуруп кеткен”, деген көрсөтмө жазып бер", - деп келиптир. Бул эмне деген зөөкүрчүлүк. Милициялардын шалаакылыгынан кызымды, тиги жигит мыкаачылык менен өлтүрдү. Кызым бир өлбөй эки өлдү. Экспертиза, "кызымдын кичинекей жерин эле кесип алабыз" дешкен. Кийин сүрөттөрдөн көрсөм, курсагынан кекиртегине чейин кескилеп салыптыр. Мен бийликтен суранам, ошол милицияларды көрсөтүп, жоопко тартып берсин. Эч ким мендей болуп зар какшабасын, кызым орозо оозу менен тиги дүйнөгө кетти. Мен бала өзүнө-өзү 4 жолу бычак сайды дегенине ишенбеймин. Мага бир жолу Марсбекти көрсөтсүн же журналистер бычак сайылган жерин тартып чыксын,  сүрөттү көргөндө гана ишенем”, деди ыйлап.

Белгилей кетсек, 1998-жылы туулган Турдаалы кызы Бурулайдын, денесине 5 жолу бычак сайып, көкүрөгүнө “Н+Б” деп жазган Марс Бөдөшов Таластын тургуну. Учурда аны ооруканада кылмышка шектелгендигине байланыштуу милиция кызматкерлери көзөмөлүндө турат. Буга чейин Марсбек Бөдөшов көрсөтмөсүндө кызды өлтүрбөгөнүн жана окуя боюнча эсинде эч нерсе жок экендигин билдирген.

Марсбек Бөдөшовду Бишкек шаарындагы №240 маршруттук каттамдагы кесиптештери, “Марсбектин кылмышына ишенбей турабыз. Анткени ал, кичинекей жана жоош бала болчу. Анын буга чейин бир адам менен урушканын көрө элек болчубуз. Баарыбыз таң калып атабыз. Эмне деп айтаарыбызды билбей турабыз”, деген пикирин айтышты.

Эске сала кетсек, 1-июнда Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жеке көзөмөлүнө алган. Ошондой эле Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Баса белгилеп айтып кетсек, Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.

Милициянын берген маалыматында, Марсбек Бөдөшов, бычакты байпагына катып, кабинетке кирип кеткен. Окуя 20 секунд аралыгында болгон. Учурда аталган окуялар боюнча ар кандай версиялар айтылууда.

--Алсак, байпак, бычакты көтөрө алабы?

--20 секунд аралыгында, адамдын денесине 5 жолу бычак сайып, көкүрөгүнө жазууга жетишеби?

--Шектүү деп кармалган жигит менен кызды бир кабинетке камаганы, милиция кызматкери менен “жең ичинен сүйлөшүүлөр” болгонбу?

--Кабинеттин ачкычы Марсбек Бөдөшовдун колуна кандайча тийип калды?

--Кырсык болгон кабинетте кандай предметтер болгон? Анткени кыздын көкүрөгүнө сайылган предмет денесинин артына чейин матырылып кеткен.

--Укук коргоо органдары “шшикти талкалап, сындырып кирдик”, деп айтышкан. Эмне үчүн эшик бүтүн боюнча турат?

--Бир убакытта адам өзүнө-өзү бир нече жолу бычак сайышы мүмкүнбү? – деген бир нече суроолор жаралат.

Албетте, жыйынтыгын атайын тийиштүү органдар чыгарат. Тактап айтканда бул көрүнүш кантсе дагы айрым укук коргоо органдарынын шалаакылыгы, өзүнүн кесибин мыкты билбегендигинин айынын ушундай кырсыктар келип чыгып жатканы айдан ачык.

Дегеле, укук коргоо органдарына реформа керекпи? Кантип?

Өз кесибин мыкты билгендер гана кызматына келбесе, калк кызыл шапкечендерге болгон ишенимин жоготкону аз калды. Өкүнүчтүүсү мындай каргашалуу окуялар, бизге жеткени гана...

Андыктан болуп өткөн окуя кылдаттык менен текшерилип, кылмышка шектүү жаран менен жериндеги шалаакы укук коргоо органдары, кызматтан кетип, 2 айдан кийин башка кызмат ордун алмаштыруу менен иш жабылса, мындай баш-аламандык мындан ары “чётка” улантыла берет?

Азырынча ИИМдин бетине кара көө болуп жабылган окуя эмне менен аяктайт күтө туралы. Ал эми маркум кыздын ата-энеси КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин көзөмөлүнө ишеним артып турган мезгили.

Баса, биздин журналистик топ, Жайыл РИИБне жана жергиликтүү ооруканага барган кезде, укук коргоо органдары чыгып, мобилдик байланышына кайра бизди тасмага тартып жатканы таң калтырды.

Урматтуу Кашкар мырза! Сиздин кызматкерлердин мындай кадамы туурабы? Биздин милдет чындыкты элге жеткирүү. Кызматкерлериңиздин кайра бизди тасмага тартканын кандай түшүнсөк болот. Ушул боюнча аларга жана бизге түшүндүрмө берип койсоңуз. Алар, бизди тасмага тарткандын ордуна, маркумдун атасынан кечирим сурап, көңүлүн көтөрүп койсо жакшы болот беле? Биз аларды кызматтан кетирип бериңиз деген жерибиз жок, каттуу чара көрүп бериңиз. Анчалык кызматкерлериңиз кыйын, оперативдүү иштейт экен, милициянын кабинетинде кыз, бычакталып мууздалмак эмес да. Ошондо милиция бизди колдойбу, коргойбу же тасмага тартабы? Алардын бул кадамы "жиндилердин"  иши.

(Бир нече мүнөттөрдөн кийин, аталган окуя боюнча жаназа окуй турган молдонун жоругу тууралуу кеңири маек жарык көрөт)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости