www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Мирлан мырза, NazarNews.kg маалымат агенттигине куш келипсиз. Алгач өзүңүз жөнүндө тааныштырып кетсеңиз.

--Мен Айтиев Мирлан Төлөнович Ош областына караштуу Араван районунун Тоо – Моюн айыл өкмөтүнүн Жеке Мисте айылында төрөлгөм.   

--Бааамымда аябай эле депутат болгуңуз келет экен...

--Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деп аттын кашкасындай жазылып турат дегендей. Эгерде мен депутат болуп калсам биринчи максатым даарыгерлердин көйгөйүн чечмекмин. Ааламга жол айылдан башталат дегендей ар бир кыргызымдын жакшы бир тилеги бар. Ар бир инсандын алдыга койгон максаты бар. Ошол максатка жетиш үчүн  аракет менен сабыр канат кылса адам баласы бардык максатка жетсе болот. Мисалга алсак: Менин башымдан өткөн иш-тажрыйбамды айта кетсем. Мен И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясын аяктап, «Даарыгер деген кесипке» ээ болдум. 2012-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникасында «Общий хирург кесипке» ээ болдум. 2013-жылы Ош шаардык № 3 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна хирург дарыгер болуп жумушка орноштум. Мен жашоомдо биринчи жолу 4700 сом маяна алдым. Ошол мезгилде жүрүп ойлонуп олтуруп өкүндүм. Мен эми ушул маяна менен кантип үй-бүлөм багам деп каттуу ойлондум, керек болсо ыйладым.

--Эмнеге ыйладыңыз?

--Тапкан акчам же квартирага, тамагыма, үй- бүлөмө жеткире албай иштеп жүрдүм. Айла жок кошумча жумуш издей баштадым. Иши кылса турмуш баардык нерсеге мажбур кылат экен, түндөсү такта базарда, кара жумуш, жүк түшүрүп  иштеп жүрдүм. Акыры дааргердик кесипти таштап башка жумушка өтүүгө туура келди. Ошентип жүрүп фармкомпаниялар боюнча жумуш издей баштадым. Издеп жүрүп Кудайым колдоп аракетиме берекет болуп, «ОсОО Гранд Медикалгрупп» деген фарм компанияга туш болдум, анан беседадан өтүп жумушка орноштум. Башкы директор Кулумбаева Асел деген айым экен. «ОсОО Гранд Медикалгрупп» деген фарм компания мен үчүн аябай чоң суммада маяна бере баштады. Мен үчүн фарм компания аябай мативациялык жолдорду көргөзө баштады. Кулумбаева Асел эже дайыма айтчу мага “Мирлан сенин колуңдан баардык нерсе келет, мен сага ишенем”, деп аябай жумушка тартчы. “Мед представитель” жумушка иштей баштагандан баштап аябай көп ийгиликтерге жетиштим. Мисалы: билимимди өркүндөттүм, үй-жай, чөйрөмдү  журүм-турумумду жада калса саясатка да аралаша баштадым. Арадан жылдар өтүп иш тажрыйбам мол болуп ар кандай фармкомпаниялар жумуш сунуштай баштады. Ошентип иштеп жүрүп  Россиянын «Курган Синтез» фармкомпаниясында жана Индиянын «Серенефарма» фармкомпаниясында Ош, Баткен, Жалал-Абад түштүк аймагында директор  деген кызматка чейин иштедим. Азыркы убакта жетишип иштеп келе жатам. Кыскасы менин айтаарым ар бир адам аракет кылса Кудайым берээрин унутпайт экен. Учурда кесибимди сүйөм.

--Алдыда кандай пландар бар?

--Алдыда буюрса депутат болсом деген гана үмүт. Буюрса бул тилктерим Кудай аманчылыгын берсе ишке ашат деген ойдомун.

--Депутат мыйзам чыгарат, мыйзамды көзөмөлдөй турган орган, сиз кандай мыйзамдарды чыгарасыз же "кнопка" басып эле олтурасызбы?

--Кыргыз элинин пайдасына мен чыгарган мыйзамдар сөзсүз жарайт, мен ага ишенем.

Мирлан Айтиевдин өмүр баяны

- 2013-ж Ош шаардык №3 Уй-булолук дааргер тобунда «Хирург дарыгер»

-2013-2014жж «ОсОО Гранд Медикал  групп» фармкомпаниясында «Мед представитель»

-2014-2015жж «ОсОО Курган Синтез» фармкомпаниясында Ош, Баткен, Жалал-Абадоблустарыбоюнча «Директор»

-2015-ж  “Ата –Мекен” партиясына мүчө

-2015-2016-жж  ОшМунун медицина факультетинде мугалим

-2015-2018жж  ООПАБ юродо «Врач Эксперт паталагоанатом».

-2016-2018жж  Ош областар аралык бириккен клиникасында врач «Хирург»  «Анестезиолог и Реаниматолог».

-2016-2018жж «ОсООСеренеФарма» фармкомпаниясында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча «Директор».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости