www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук жайларда, көчөлөрдө жасалган кылмыштарга жана жоруктарга анализ жасалып, анын негизинде Москва районун аймагында тартип бузуулардыжана кылмыштарды алдын алуу ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында иш-мерчемдер иштелип ал боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

Иш-чарада Москва районунун ИИБдүн башчысы өздүк курамга, ички тартипти сактоо, жарандарга сылык мамиле жасоо, кызмат учурунда бардык талаптарды мыйзам чегинде аткаруу ошондой эле санитардык эпидемиологиялык эрежелерди, өздүк гигенаны сактоо боюнча инструктаж өткөрүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана айыл аймактардын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара учурунда соода түйүндөрүнүн, дүкөндөрдүн кожоюндары жана базарлардын администрациялары менен кылмыштуулукту алдын алуу максатында ошондой эле жеке мүлктөргө сак болуу үчүн видео камераларды орнотуу зарылдыгы түшүндүрүлдү. Андан сырткары маршруттук каттамдар менен такси кызматына да кылмыштарды жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн сунуштар айтылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости