www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

Мукамбет Токтобаев деген ысым мейли тасмада же спектаклде болобу каарманын аткарып гана койбостон, ошол каармандын жашоосунда жашай алчу. Бир гана актёрдук чеберчилиги эмес анын ажайып обондору, өзүнүн ырдоо өнөрү дагы бир укмуш.

- Балалык кез унутулгус баёо сезим эмеспи, сизди балалыкка жетелегим келип турат...

- Балалыгым Түп районунун Корунду айылында өткөн. Дүйшөн таякемдин колунда чоңойгом. Ал бир райондун завсклады болчу. Ошол кезде артисттер дембе-дем гастролдоп келишчү, таякемдин үйүндө канча жолу конок болушпады дейсиң. Чоң-чоң залкарлардын арасында алардын чемодандарын көтөрүп жүрүш мен үчүн сыймык эле. Бир акккодеонист аялдын аккордеонун көтөрүп алганыма эле сүйүнүп жүрөм. Мамбетаалы таятам жылкычы, ал жайлоого ырчыларды чакырып алып, чабандарга концерт уюштуруп берчү. Бир чети мен бул кесипти тандашыма ошол артисттердин да таасири болду го деп ойлойм.

- Эзели эстен кетпеген ролуңуз кайсы?

- Ар бир ролду мээнет кылып, жаныңды карч-уруп аткарсаң бардык ролуңду жүрөгүң менен кабыл алып каласың. Режиссёр Адылбек Дыйканбаев “Курманбек” спектаклинде Курманбектин атасы Тейитбектин образын ойногом. Ошентсе да менин эзели эсимден кетпеген ролум Тейитбек болуп калды. Баарынан да кызыгы, көрүүчүлөр үн катпай көрүп жатса, арасынан берилип кетип бириси: “ок куураган какбаш чал, өз баласына тескери бата бергенин краасаң”- деп тилдегендер да болгон. Режиссёр Искен Рыскулов Ош кыргыз драма театрын Москвага чейин таанытып, зор эмгек жумшаганын айтып кетпесем болбос. Театрды дүңгүрөткөн мына ушул режиссёр болгон. Ал театрда 5 жылдай иштеп, кыргыз улуттук драма театрына которулдум.

- Байкашымча сизди элге тааныткан Машырбектин ролу болсо керек. Сизден мурун Жумабек Козукеев аткарган деп калышат...

- Ооба, туура айтасың, 1976-жылы “Машырбек үйлөнөт” спектаклин койгон режиссёр Жумабек Козукеев болгон. Машырбекти дагы өзү аткарган экен. Бирок элге Машырбектин ролун аткарып таанылып калганым чындык. Ар бир актёрдун өз почерки болот дегендей, Машырбекти өз фантазиям аркылуу элге көрсөтө алдым окшойт. Бир жыл мурун телевизордон “Машырбек үйлөнөт” спектаклин берип калды. Кайран жаштыгым эске түшүп, бир үшкүрүнүп алдым.

Төлөгөн Касымбековдун, Бексултан Жакиевдин да “Токтогул” драмасы бар. Режиссёр Искен Рыскулов эки драматургдун чыгармасынын үстүндө иштеп чыгып, “Токтогул” спектаклин койду. Токтогулдун образы мага буюрулган экен. Адылбек Дыйканбаев койгон “Гүлсаратта”-Танабайды, Бообек Ибраев, Жалил Абдыкадыров, Жалил Садыков “Манастын уулу Семетейинде”-Семетейди ойнодум. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей Геннадий Базаров: “Гамлетке сыйлык көрсөтүлүп жатса Гамлет албай көр казгандар алды” деп айткан. “Манастын уулу Семетейде” Семетейди аткарган мен албай, көр казгандар алып кетти. Ошондо наам бергендерге таарынып, “Туңгуч” театрына кетип калгам.

- Бала кезде Фудзиямадагы кадыр түн” киносун көрүп жатып, өзгөчө сиз аткарган Мамбеттин ролу эсиме түштү. Ошол киного кандайча тартылып калдыңыз?

- Режиссёр Болот Шамшиевдин “Фудзиямадагы кадыр түн” киносуна тартылып калганым дагы кызык. Мен аткарган спектаклдеги ролдорду жактырып жүргөн кинорежиисёр Болот Шамшиев “Эл арасында” тасмасына чакырып, кичинекей роль берип калды. Ал ролду аткарган соң, ушул кинодо жашы бир топко барып калган тарых мугалими Мамбеттин ролун аткардым. Кино актёр Орозбек Кутманалиевдер чогуу ойноп, алар менен тең тайлашып аткардым. Театрда кесиптештерим: “Бүттү, эми сенин жүзүңдү экрандан көрүп калабыз го” деп айтышкандарына көп узабай, СССР кыйрагандан кийин киного тартылыш кайдан дейсиң.

- Союз доорунда көркөм кеңештин күчү дагы күчтүү эмес беле...

- Башы кашка баш бир кодойгон киши бизге мыскылдап күлүп: “Артист болгуңар келип жатабы”- десе мен жаман көрүп койгом. “Келиңиз, төргө өтүңүз”-деген сөздү үнүңөрдү өктөмүрөөк чыгарып, эмоцияга берилип сүйлөйсүңөр да ээ”-дейт. Көрсө, белгилүү сынчы Салижан Жигитов экен. Чындыгында театрдагы актёрлордун баары эле элге жетсин дейбизби кыйкырып-кыйкырып сүйлөйбүз го. Ошентип роль аткарышыбызды Салижан сынчы эбак эле сезген тура. Бул киши бекер сүйлөбөптүр деп калдым.

- Ар бир жанда бир өкүт (арман) бар дейт...

- Мен тун уулум Даниэлден айрылганым бир өкүт болду. Уулумду жоготкондо кыйын күндөрдү баштан кечирдик. Мына бул чач ошондон тез агарып дагы кетти. Бекеринен кыргызда “Алдыңан ктеейин” дебейт кэен да. Кыргыздын ар бир сөзү жөнү жок айтылбайт. Жашоомдо болбогон нерселерге кейип-кепчип жүрүпмүн. Эң оор жоготуу баласынан айрылуу экенин жон терим менен сезип олтурамын.

Уникалдуу талант, бир гана профессионал актёр болбостон, мыкты обончу. Көптөгөн ырларга мукамдуу обон жараткан. “Каркыралар” деген обону популярдуулуктун туу чокусуна жеткенин ким танат?! КРнын эл артисти Мукамбет Токтобаев менен маек курганыма 7 жылдын жүзү болуптур. Жашоодогу өкүт демекчи, Мукамбет ага дагы үй-бүлөсүн жоктотуп, актыкка моюн сунуп кете берди. Мукамбет аганын аткарган ролдору элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости