www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова 22 жыл көрбөгөн атасын тапканын жана аны менен жолугушканын айтат.

“22 жыл көрбөгөн атамды издеп бардым. Күйөрмандарым "Атаңыз балама сабак берет" деп жазып турушчу. Алардан даректи алдым дагы жөнөдүм. Жанымда эки дос балам бар. Алар "Көзү тирүүсүндө көрүп, сүйлөшүп кал! Өзүңө эле жакшы болот. Жүрөгүң ылдыйлайт" деп шыкактап жатышты. Бир эсе титиреп, бир эсе кооптонуп, бир эсе толкунданып бараттым.

"Атаң жаман" сөзүн көп укканым менен ал мен үчүн болуп көрбөгөндөй мыкты болчу! Сыртымдан билгизбегеним менен ичимде сагынып, куса болуп жүрдүм.

Балачагымда бул күнүмдү аябай күтчүмүн. Маңдайына чыгып алып, таарынып, жектеп, урушуп атканымды элестеттим далай.

Ал менин келеримди билген эмес. Күйөрманым менен чалыштым да, башка шылтоо менен чакырып чыкты эшикке. Мени күтпөгөн жаны өңү бузулуп, титиреп чыкты атам. Жайдары учураштым.

Маңдайында таң калып, тиктеп турдум. Анын үнү, өңү, кыялы баары ачылыш болду мен үчүн. 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу! Ак аралап, тиши түшүп, өңү азып, такыр башка адам турду.

Ичимде кыпындай да таарыныч жок, урушкум да келген жок. Жыргап турдум. Каткырдык. ”Кызым, балмуздак алып берейин?” - деди. А мен ага кийим алып бердим. Ошентип коштоштук. Ичим кадимкидей бошоп, 22 жыл кармап жүргөн таарынычым кеткендей, жыргап бараттым...

Ата - энени же баланы тандоого мүмкүн эмес экен. Тагдыр дагы такыр өзгөртө албаган учурларың ушул. Катасы, жазыгы бар. Алар да пенде. Кечирбей кайда барабыз? Кечирдим. Ата - энем мени кечирсин. Балким, билип - билбей көңүлдөрүн ооруткан чыгармын...”, -деп жазып чыкты.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Бул менин атам. ⠀ 22 жыл көрбөгөн атамды издеп бардым. Күйөрмандарым "Атаңыз балама сабак берет" деп жазып турушчу. Алардан даректи алдым дагы жөнөдүм. Жанымда эки дос балам бар. Алар "Көзү тирүүсүндө көрүп, сүйлөшүп кал! Өзүңө эле жакшы болот. Жүрөгүң ылдыйлайт" деп шыкактап жатышты. Бир эсе титиреп, бир эсе кооптонуп, бир эсе толкунданып бараттым. ⠀ "Атаң жаман" сөзүн көп укканым менен ал мен үчүн болуп көрбөгөндөй мыкты болчу! Сыртымдан билгизбегеним мн ичимде сагынып, куса болуп жүрдүм. ⠀ Балачагымда бул күнүмдү аябай күтчүмүн. Маңдайына чыгып алып, таарынып, жектеп, урушуп атканымды элестеттим далай. ⠀ Ал менин келеримди билген эмес. Күйөрманым мн чалыштым да, башка шылтоо менен чакырып чыкты эшикке. Мени күтпөгөн жаны өңү бузулуп, титиреп чыкты атам. Жайдары учураштым. ⠀ Маңдайында таң калып, тиктеп турдум. Анын үнү, өңү, кыялы баары ачылыш болду мен үчүн. 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу! Ак аралап, тиши түшүп, өңү азып, такыр башка адам турду. ⠀ Ичимде кыпындай да таарыныч жок, урушкум да келген жок. Жыргап турдум. Каткырдык. -Кызым, балмуздак алып берейин?- деди. А мен ага кийим алып бердим. Ошентип коштоштук. Ичим кадимкидей бошоп, 22 жыл кармап жүргөн таарынычым кеткендей, жыргап бараттым... ⠀ Ата - энени же баланы тандоого мүмкүн эмес экен. Тагдырдагы такыр өзгөртө албаган учурларың ушул. Катасы, жазыгы бар. Алар да пенде. Кечирбей кайда барабыз? Кечирдим. Ата - энем мени кечирсин. Балким, билип - билбей көңүлдөрүн ооруткан чыгармын... #жөнэлеойлор

Публикация от Nazira Aytbekova (@naziraaytbekova)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости