www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жүрүп, айдоо аянттарды, үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын сугат каналынан суу ашып, болжол менен 20 гектар жашылча эгилген айдоо аянтын жана 15 үйдүн короосун каптаган.

“Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Ноокен райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштары токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости