www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова учурдагы кырдаалга байланыштуу өзүнүн ою менен бөлүшүп, коомчулукка учкай кептерин айтып өттү.

"Түшүнүп, түшүнбөй жараткан Алланын ыйык Кураны менен антташкан, шерттешкен оюн кургандардын эсине!

Бул жашоодо мусулманмын деп, көкүрөк көтөргөн пенде Куранды ойнобой, Жараткан Алланын элчиси Мухаммед Пайгамбарыбыз Алейху ва Ассаломдун күмбөзүн тазалоого, жасалган шыпыргыга кандай мамиле жасаганына маани берип, жүрөгүңөр менен сезип, тооба келтиргиле. Ыйманга, ынсапка келели! Пейилди оңдойлу! Ниетти туура жака буралы! Орозо маалындагы ар бир улуу күндө, жакшылыкты ойлоп, тилек кылалы! Тооба келтиргиле асылдарым? Ызы, чуу, ажылдашып, аңдымай, чукумай, беттешмей, бири-бириңди дебатка чакырмайларды, дуетке чакырууга жете электе сабыр кылып, токтотуп тургула!

Пандемия менен күрөшүп, карантин бүтө элек. Акыры эмне менен жыйынтыкталат, бир Кудай билет. Орозо башталып, ортосуна жете элек. Кырылышканга жетишесиңер! 30 жыл чыдап келдиңер, 30 күн чыдап койгула асылдарым?
Сабыр, сабыр чексиз сабыр берсин ар бир пендеге?

"Артыңда мен турам, мен туруп берем"- деп, алакүштөп, ашмалтай чыгарганды самагандар,арка бел болгондор,шымаланбай сабыр кылып тургула. Аппаттан, орозонун улуу күндөрүнөн чыгып алалы. Чылпагын алам деп, бир бириңдин көзүңдү биротоло оюп алып, шоруңар кайнап,тизеңерди кучактап отуруп калбагыла!

Сыймык Азаматты көкүткөндөргө ынсап, ыйман берсин, сабыр берсин Аллахым. Чоң Казатка ниетти туура кылып, ынтымакчылык, биримдик, ак ниет менен аттансаңар жетишесиңер буюрса. Чукунуч, аташкөрөк, дебатка чакырып, кырылышмай менен эмес. Арты жакшылык менен бүтпөйт. Бүгүн эле трайбалисттик ышырынуу, чала гайым кекетүүлөр башталды. Балким кимдир бирөөлөргө керекдир. Элдин шоруна калбай, акыл эс менен иш тутсаңар, өзүңөргө да, элге да жакшы болмок.

УКМК, күч түзүмдөрү, коменданттык саат алына элек. Коомго болгон көз караштарды мыйзам чегинде иреттеш керек. Тартип, тартип, тартип - жоопкерчиликти ким алат?

"Оюндан от чыгат,о сурактан бок чыгат"-деген, улуулардын аярлуу сөз бар. "Битке өчөшүп, штанын отко салыптыр" болду, бүгүн. 

Эсиңерге келгиле! Ошол сыяктуу, боткобуз чыгып калбасын. Ансыз да карантинде, үйдө камалып, Кудайдын берген моралдык, психологиялык жактан басып өткөн жолубузду, ылгап алчуу сыноодо олтурабыз. Ортодон чыккан жылаңач патриоттор, өпкөңөрдү басып отуруп тургула. Учурдагы эки бирдей сыноодон өтүп алалы! Мамлекет колунан келгенин жасап жатат. Кемчилдик, жетишпестик бар. Ал эми түздөлө турган нерсе. Жетишесиңер чукушуп, эсептешкенге. Кудайдын каары келип.

Тооба, тооба, чексиз тооба кылалы урматтуу момун мусулмандарым...

Акыл үйрөткөндөн алысмын. Акыл калчап, жекече өз пикиримди билдиргим келди. Ким кандай кабыл алат өзү билсин. Бул менин жекече кыргыздын бир мекенчил кызы катары ой бөлүштүм. Орозоңуздар кабыл болсун! Амандыкта жолугалы!", - деди Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости