www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин, Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги Өзбекстандын Эл артисти Юлдуз Усмонованын иш-аракеттерине укуктук баа бергендигин, атап айтканда, полиция кызматкерлерине акаарат келтиргенин кабарлаганбыз. Учурда Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Жеринен кесиптешбиз Феруза Нажмиддинова Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Шохрух Гиясов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

--"Видеодогу шылдыңдоо милиция кызматкерлеринин жеке аброюна түздөн-түз шек келтирди. Биз маданият кызматкеринин мынчалык маданиятсыз экенин күткөн эмеспиз. Деңгээлин, инсандык сапатын сүрөттөө мүмкүн эмес ”, - деди Гиясов.

Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Усманованын аракеттери коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап бузган. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенге аракет кылган. Бул маселе мыйзамдуу түрдө каралып, сот жообуна тартылат.

Сүйлөшүүнү улантып, Шохрух Гиясов Юлдуз Усмонованын психикалык саламаттыгына ишенбегенин айтты:

--"Видеону биринчи жолу көргөндө мен анын психикалык саламаттыгына жана жүрүм-турумуна шектендим. Кантип адам мындай сөздөрдү айта алат? Ушунун негизинде биз тиешелүү тартипте текшерүүлөрдү жана сурамжылоолорду жүргүзө баштадык. Биз баарын билип туруп мыйзам чегинде иш-аракет кылабыз» - деди Шохрух Гиясов.

Юлдуз Усмонова бир топ милиция кызматкерлери менен пикир келишпестиктен кийин, бардык полиция кызматкерлерин каргап, акарат келтирип, кызматтан кетириши бул тармакта узак жылдардан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу, чынчыл жана абийирдүү адамдардын кан басымын жогорулатты. Гиясовдун айтымында, Усмонованын шылдыңына олуттуу мамиле кылган адамдар көп болгон. Эми Усмонованы дагы бир жолу полиция кызматкерлери алардын каарынан коргошу керек.

"Азыр биз Усмонованы өз сөзүнөн коргошубуз керек" деди ал. Айрымдар өч алгысы келиши мүмкүн. Мындай абалда эч ким ага зыян келтирбеши үчүн, аны кайрадан аны өзүбүз кайтарууга алышыбыз керек», - деди Шохрух Гиясов.

Көп өтпөй Юлдуз Усманова укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен анын айткандары үчүн кечирим сурагандыгы белгилүү болгон. Демек, баары унутулуп калды дегенди билдиреби?

"Видеону баары көрүштү. Андан кийин адам кечирим сурашы туура эмес. Ар бир адам айткандарына жооп бериши керек", - деди Шохрух Гиясов, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Эке сала кетсек, Ырчы Юлдуз Усманова Сырдарыя облусунда суу сактагычтын жарылуусунан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча акция уюштуруп, чогултулган каражаттарды өткөрүп берүү үчүн аймакка жөнөгөн. 

"Алар коркок. Мен МАИ кызматкерлеринен бизге бөлүп берүүсүн суранган элем, алар макул дегени менен келишкен жок. Эл бирикти, бирок милиция кызматкерлери колдоо көрсөтүшпөдү. Тьфу силерге. Милициялар такыр иштешпей жатышканын эл билсин”,-деп айткан ырчы инстаграмдагы түз эфирде. Мындан сырткары, Усманова милицияларга Каримовдун убагындагыдай клизма жасалбай калса, иштебей калаарын, аларга абийир менен иштөөгө мезгил жеткенин кошумчалаган. 

Усманова милиция кызматкерлери жарандардын салыктарынан айлык маяна алаарын белгилеп, бирок ырчынын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери артылган үмүттү акташпайт. Белгилей кетүүчү нерсе, Юлдуз Усманова акыркы жылдары чыр-чатактын чордонунда көп болуп жатат. Буга чейин анын коомчулук аны Сырдарыяда жабыр тарткандарга жардам чогултууда бет кап кийбей жүргөнүн сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости