www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке менчик лабораториялар анализ жасашы керек!

NazarNews маалымат агенттиги 2000 сомго тест тапшырбасаң блокпосттон өтпөйсүң деген маселе боюнча айрым жарандарыбызга кайрылып, пикирин уктук.

Калдарбек Абдыраманов, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор: “Элге жеңилдик жагын караш керек”

--Андай саясат туура эмес. Албетте, элге жеңилдик жагын караш керек. Негизи акысыз жасалса жакшы болмок. Бирок, жеке менчик клиникаларга ковиддин ПЦР анализин жасоого уруксат берүү туура эле. Жеке менчик лабораториялар анализ жасаш керек, бирок каалоочуларга. Тагырагы, акчасы барларга. Жеке менчик лабораториялар кай бир өкмөт тизмелеген жарандарга акысыз жасаш керек. (анын акысын өкмөт кепилдик менен төлөп бериш керек жеке менчик лабораторияларга). Ал эми мамлекеттик лабораториялар биз кааласак да, каалабасак да азыркы акыбалында тест өткөргөнгө жетише алышбайт. Саны жана сапаты жагынан да алсыздык кылат. Айла жок, азыркы акыбал ошого түртүп жатат. Баарыбыздын максатыбыз батыраак тест диагностика жасап ковид менен ооругандардан таап, дарылап айыктыруу!

Сонунбүбү Кадырова, акын, журналист: “Бул чечимдин пайдасын “крысалар” көрө баштайт”

--Бул келесоолук. Мындай чечимди чыгарган жетекчи токтоосуз кызматтан кетиши керек. Анткени, анын акылы, жөндөмү азыркы кырдаалга ылайык эмес. Мындай аракет келечекти көрө албайт дегенден кабар берет. Эл алдында чыгып,   кызматын өткөрүп берип, жөн гана өз акылына жараша оокатын кылсын!

Айтайын дегеним, мындай калпыс чыккан чечимдер коррупциянын синдрому. Карантин бүтөт. Чечим кала берет. Анан бул чечимдин пайдасын “крысалар” көрө баштайт. Качан эл ызы - чуу болуп чыкканда андай эмес болчу. Мен андай деп ойлогон эмесмин. Карантин мезгилинде гана элди текшериш  керек болгон деп актанып чыгат. Ары сүр, бери сүр болгуча убакыт өтө берет. Акча алгандар алаканын ушалап, оокатын уланта берет.

Азыр чыккан чечимдин баары коррупцияга жол ачып, көзүн кызартып, сугун артып турган системада жашап жатабыз... Бул ар бир мамлекеттик жетекчини олуттуу ойлонууга чакырат. Өзү ашташ боло турган учур өттү.

Адил Турдукулов, жарандык активист: “Акчасы жок адамдардан акча доолап, тесттен өт, болбосо конституциялык укуктан ажырайсыңар деген туура эмес”

--Негизи мындай саясат туура эмес. Анткени, бийлик жарандарга жеңилдик берген жок. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөк пул берген жок. Жок дегенде коронавирустун тестирлөө маселесин мамлекет өзүнө алышы керек. Тест тапшыруу аксыз болушу шарт. Анткени, мамлекет элдин саламаттыгына кам көрүшү керек. Тескерисинче, акчасы жок адамдардан акча доолап, тесттен өт, болбосо конституциялык укуктан ажырайсыңар дегени  түп тамырынан  туура эмес.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости