www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Жалал-Абад шаарынын коопсуздугуна жана экономикалык жактан ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Пьер фон Аркс баш болгон ушул уюмдун өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ЕККУ Жалал-Абад шаарынын укук коргоо кызматтарын техникалык жактан колдоо, башка да чөйрөлөрдө тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырып келатканы үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. Ошондой эле жалпы коопсуздук жана башка чөйрөлөрдөгү ушундай кызматташтык улантыла беришинин зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Пьер фон Аркс мырза Кыргыз Республикасынын Президенти аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын жарлык чыгарып, бул жагынан өз ара пайдалуу кызматташтыктарды арттырууну зарыл деп эсептеди. Ушул максатта Жалал-Абад шаары менен кызматташуунун алкагында жакынкы келечектеги зарылдыктар боюнча баарлашкысы келгенин айтты.
Шаар жетекчиси Т. Темирбаев шаарда коомдук коопсуздук маселелери биринчи орунда турарын билдирип, бул багытта мектептерде, коомдук жайларда жана унаа жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылуу жагынан кызматташса болорлугун айтты. Ошондой эле укук коргоо органдарын техникалык жактан камсыздоо боюнча да кечиктирилгис маселелер барлыгын ортого салып, селсаяктардын коопсуздугун, алардын социалдык жана башка укуктарын ишке ашыруу жагынан атайын долбоорлор ишке ашырылса деген ниетин билдирди.
Пьер фон Аркс мырза экономикалык жана адам укуктары чөйрөсүндө да кызматташууга даяр экендиктерин айтып, коомдун радикалдашуусунун, ар кандай экстремисттик көрүнүштөрдүн өөрчүп кетишинин алдын алуу багытында аракеттер болорун, ошону үчүн да коомдогу ар кайсы чөйрөлөрдө иштер алып барыларын белгиледи. Элементардык эле жол жана өрт коопсуздугу боюнча да атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташуу зарылдыгын айтты.
Тараптар аялдар, дин маселелери, адам укуктарынын сакталышы жана корголушу, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызматташуу боюнча өз ара пикирлерди ортого салышты. Ошондой эле кыска убактагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу актуалдуу жана пайдалуу болгонун белгилешти.
Булак: NazarNews,kg