www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Пункттарда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Кечээтен бери күчөп калың жааган кардын кесепетинен ашууларда жана жолдордо көптөгөн унаа кырсыктары болуп, жол тыгындары пайда болгон. Учурда жолдордогу кар тазаланып, керектүү каражаттар себилип коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости