www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанга гуманитардык жардамды тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиликтен маалымдашты.

Анын айтымында, учурда дипломатиялык миссия жүктөрдү жеткирүү маселеси боюнча иштеп жатат. "Техникалык жана уюштуруучулук маселелер чечилгенден кийин кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти элчиликтен.

Рамзан Кадыров Кыргызстанга комбинезон, коргоочу бет каптар, көз айнектер, дары-дармектер, анын ичинде коронавирустун дарысы-авифавирдин да бар экендиги маалым болду. 

Тиешелүү документ Кыргызстандын РФдагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун атына жазылган. 

"Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар Сиздин өлкөңүздөгү жаңы коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучун азайтууга жардам берет деп ишенем", - деп кол койгон Рамзан Кадыров.

Гумжардамдын тизмеси төмөнкү документте көрсөтүлгөн:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости