www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу маркум Азимжан Аскаровдун акыркы каты жарыяланды. Анын акыркы каты кесиптеши Аида Байжумановага арналган.
Ал өз катында Малайзия жана анын эли, жашоосу тууралуу маалымат сурап, биздин өлкөнүн атынан элчи болуп барган Азимбек Бекназаровго байланыштуу аларга кайрылуу жолдоо ниети бар экенин билдирген.
Эске сала кетсек, Азимжан Аскаров 25-июлда №47 колонияда бир тараптуу пневмониядан улам каза болгон.
Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.
2020-жылы 13-майда Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.
Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун сот коллегиясы төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырган.
Аскаровдун керээзи менен анын сөөгү Өзбекстанга коюлаары айтылууда.
Булак: NazarNews.kg