www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин NazarNews сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын ачты. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар! Бул ирет биз Орто Азия элине таанымал Орусиялык модель Диана Коркунова тууралуу кеп кылабыз!

Мен...

Мени социалдык тармак аркылуу тааныгандар мага ар кандай ат коюп келишет. Мисалы, “Модель”, “Фото модель”, “Интернеттин жылдызы”, “Мээси иштебеген кыз” же “Сүрөттөрүн инстаграммга жайгаштыргандан тажабаган сулуу” деп айтышат. Бирок, бул айтылган сөздөрдүн баарына кошулбайм. Мен өзүмдү модель катары эсептебейм. Модель да болгум келбейт. Себеби, менде модель кыздарга төп келчү узун боюм, келишимдүү фигурам жок. Анан да модельдик бизнес эң төмөнкү деңгээлдеги кесип. Моделдерде сулуулуктан башка эч нерсе жок болот. Мен болгону сүрөткө абдан жакшы түшүп, сүрөттү кооз кылып ачып берген, көзү ойнок, жылдыздуу, сулуумун десем жаңылбайм.

Атактуулук...

Мектепте окуп жүргөндө менин досторум абдан көп эле. Көпчүлүк убакытымды алар менен өткөрчүмүн. Он үч жашка келгенимде досторумдун көбү мен баш болуп баарыбыз кымбат баалуу уюлдук телефондуу болгонбуз. Анан эч тажабастан эле сүрөткө түшүп, мени кечке тарта беришчү. Бир күнү ал досторум менин жалгыз түшкөн сүрөттөрүмдү интернетке жүктөп коюшуптур. Андан көп убакыт өтпөй мени издеген адамдар абдан көп болду. Фотограф, стилисттер, салондордон, моделдик агентсволордон чалуулар келип баштады. Ошону менен ар бир сунушка макул болуп сүрөткө тартыла бердим. Мени сүрөткө тарткандан фотографтар абдан ырахат алышаар эле. Кийин ставка менен иштеп, болушунча олуттуу иш менен алектендим. Абдан кымбат баалуу жарнамалык роликтерге, клиптерге, кино тасмаларга сунуштарды алдым. Негедир ошол убактан тарта мага түшкөн сунуштар абдан көп болду. Өзүм да кантип элге таанылып кеткенимди байкабай калдым. Баары көзүмдү ачып жумгуча тез убакыттын ичинде болуп өткөндөй болду. Азыр көбүнчө олуттуу иштер менен алек болуп, тажрыйбалуу өзүнүн ишин мыкты билген инсандар менен иштешүүдөмүн. 

Кесибим...

Учурда Москвадагы “Останкинонун” жарнама-телевидение бөлүмү тапшырып, азыркы учурда ошол жерде төртүнчү курстун студентимин. “Жарнама бөлүмүнө эмнеге тапшырып алган?” деген суроо сизде жаралышы мүмкүн. Бул бөлүмдү тандап алганымдын себеби теле жаатында иштеп, ар кандай долбоорлорду чыгарып, маркетинг менен көбүрөөк алек болуп, кийин теле алып баруучу же диктор болуп эмгектенгим келет. 

Сынактар...

Сулуулук сынактарга катышып көргөм бирок жеңген эмесмин. Чындыгына келгенде мен деле сулуулар сынагына катышсам болмок эгер менде баары идеалдуу болсо... Мен идеалдуу деле эмесмин. Менден ашкан сулуу кыздар бизде абдан көп. Алдыга оозунбай чыныгы сулууларга орун бергеним менимче туура деп ойлойм. Азырынча катышам деген ойлорум деле жокко эсе.

Сулуулук...

Өз өлкөмдөн менден ашкан натуралдык, табигый сулуу, назик, келишимдүү, баары идеалдуу кыздарды көрүп, мен өзүмдү алардан өйдө койгум келбейт. Баардыгы чындык менен болгонун жактырам. Ооба, дене түзүлүшүм көпчүлүккө жагат. Бирок, кыска боюм кемчилигим. Жасалма сулуулукту эч пайдаланып көргөн эмесмин. Мына кашыма, кирпигиме, оозума көңүл бөлүңүз бир да химиялык же пластикалык нерсени көрбөйсүз. 

Жеке жашоом...

Учурда сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Бирок, турмушка чыгуу тууралуу ойлорум жок.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости