www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы, композитор, чыныгы талант Ирина Дубцова адамдардагы жасалмалуулукту, калп айткандарды, сөзүнө турбагандарды жактырбаарын ачык айтат. Чыгармачылыгында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бирок жеке жашоосунда жолу болбой жаткан ырчы айым менен ачык маек курдук.
- Ирина, сиз “Жылдыздар фабрикасы” долбоорунда жүргөндө эле турмушка чыкканыңыз чынбы?
- Ооба, баары түшүмдө болгондой болгон.
- Жолдошуңуз Роман Черницын менен кантип табышып калгансыз?
- Биздин таанышканыбызга көп жыл болгондон кийин гана баш кошконбуз. Биз Волгоград шаарында көчөдө таанышып калганбыз. Ал эми аны менен болгон сүйүү романым тууралуу кеп козгогум келбей эле...
- Уулуңуз Артем кимге окшош?
- Мага. Ал жандуу, адамдар менен тез тил табышыт, комплекстери жок. Кичине болгонуна карабай, “Апа, мен сизди Парижге алып барып келем” деп көп айтат. Менин акчама барабызбы? десем, “Жок, мен акча чогултуп жатам” дегенинен акчасын санасак 18 000 миң рубль чогулуптур. Бул акчага Францияга бир билет алып эконом-класс менен учуп барса болот.
- Уулуңузду тарбиялоого ким жардамдашат?
- Менин апам. Апам дүйнөдөгү эң мыкты бала багуучу жана керемет чоң апа. Менин балам менен өзүмдүн апам алек болуп жатканына бактылуумун.
- Жолдошуңуз менен бирге жашабай калдыңыз. Ажырашуу кыйын болдубу?
- Мен жолдошумдан башка мырзага кеткем. Мына ошондуктан, ал үчүн кам санаган жокмун. Баарын убакыт жеңет. Рома мен кеткенден кийин жарым өткөн соң гана тынчып калды. Азыр биз достошобуз. Биз түбөлүккө бир тууганбыз. Себеби, ал менин баламдын атасы. Мен көпчүлүк айымдарды жакындан билем. Алар мурунку күйөөлөрү менен тап такыр сүйлөшүшпөйт жана кыйналып турса да, чалып сурап коюшпайт. Менин колдоорумду Рома жакшы билет. Кээде анын сүйлөшкөн кызы мага чалып: “Рома мага мындай мамиле кылды? Бул кырдаалда кандай кылсам болот?” деп чалат. Мына биздин мамиле ушундай. Бирок, баардыгына Рома өзү күнөөлүү экенин жакшы билет. Күнүмдүк турмушта ал менин адамым эмес экен. Мен баардыгын өзүм жасап көнүп калгам. Бул нерсени күйөөмдүн алдында жасасам, албашын өйдө көтөрө албай калаар эле. Мен төмөндө материалдык байлык тууралуу кеп кылдым.
- “О нем” аттуу ырыңызды жолдошуңузга арнаганыңызды айтып калышат. Бул тууралуу эмне дейсиз?
- Бул чыгарманы эң биринчи жолу аткарып чыгаар алдымда алып баруучу Яна Чурикова элдин баары бул ырдын Романга арналгандай жеткиликтүү кылып жарыялап салган. Бирок, бул ыр Романга кезиге электе жаралган. Романга чейин менин башымдан чоң сүйүү болуп өткөн. Ал сүйүүм тууралуу “О нем” деп ырдагым келген. Ырга тиешелүү мырза менин чыгармачылыгыма он бир жыл эргүү берип келди. Акыркы жарык көргөн “”Ешь, молись, люби аттуу ырым ага кайрылуу болгон. Эки жыл мурун бул сүйүүмө чекит коюлган.
- Эмнеге?
- Биздин сүйүүбүз жеткиликсиз жана тыюу салынып турганда мага абдан кызык болчу. Ал мага келип “Кел үйлөнөбүз” дегенде баары башталып, коё бергем. Аны мен өзүм ойлоп тапкан образ боюнча сүйүптүрмүн. Мен жаман адаммын. Баарын таштайм. Бирок, өзүм ишенген теңиңиме азырынча жолуга элекмин... Ага жолукканда меники го деп ойлогом. Жаңылыпмын... Азыр жанымда жакын адамым бар. Ал шоу-бизнестен эмес. Биздин мамилебиз тууралуу айтууга азырынча эрте деп эсептейм.
- Демек, сизге ар дайым эргүү берип келген булак эми жок экен да ээ?
- Мен азыр чындап жашоого реалдуу түрдө карап баштадым. Мен абдан эмоционалдуу, жетиштүү деңгээлде назданган адаммын. Бирок, бул нерседен мен жыйынтык чыгарып, менин ырларымдан автобиографиялык китеп жазсам дейм. Менин чыгармачылыгым, менин жашоомо гана байланыштуу.
Аруужан Булекбаева
Булак: NazarNews.kg