www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнү дүңгүрөткөн саясатчы, Владимир Путиндин “өзүнө окшогон 20 дан ашуун адамы бар”,  деген сөздөр эл арасында айтылып жүрөт. Чындыгында кыйын саясатчы, улуттук лидер, эл аралык саясатты семичкедей чаккан Владимир Владимировичдин айрым сүрөттөрүндө толтура окшоштук эместиктерди байкоого болот.

Алсак В.Путин сүйлөө эрежеси жагынан эч кимди алдыга салдырбайт. Так жана тыкан. Өзүн алып жүрүүдө жана  имиджмейкерлерине сөз жок. Кийген кийими талапка жооп берет. Өзүн-өзү кармап жүрүү эрежесин 100 эмес 200% туура сактайт. Баарынан дагы гүлчамбар коюда Путиндин кыймыл-аракетин “мен президентмин”  дегендердин бири дагы аткара албайт. Дегеним менен акыркы учурда эрежени бир аз бузуп койгону байкалып, "Путиндиндердин бириби?" - деген ой жаралып кетет. 

Баарынан да  Владимир Владимирович Кыргызстанга келген иш сапарында өзүнө жарашпаган кара плащ, бутуна жарашпаган туфли жана шалбыраган шымы менен шек жаратат...

Ал эми айрым сүрөттөрүнөн Владимир Путиндин семирип кеткенин байкоого болот. Бирок, Владимир Путин семиргенге жол берген адам эмес. Анткени ал спортту сүйүп-урматтагандардын алдыңкы сабында турат.  

Айтор, дүйнөнү дүң кылган В.Путин кыраакылыгы жана өтө акылдуулугу менен эл аралык саясатта өз аброюн сактап келет.  Баардык мамлекеттердин ички саясатын беш колдой билгиси келген  Путиндин “секреттерин”азырынча бир дагы инсан билбейт жана түшүнбөйт дагы. Анткени Путин, ички сырын керек болсо жанындагы Дмитрий Медведевге дагы чечилип ача бербейт.  Ал эми калк арасындагы Путиндин “Путиндери көп" деген сөздөр ачыкка чыкпаганы менен тар чөйрөдө кызуу талкуу болуп келет.

Саясый көз караш менен чагып айтканда, Путин вирус менен малекуланы изилдегиси келген адам. Ошол эле убакытта вирустун дабасын бир көз караш менен таба алат. Ал жеңилүүнүн жолун  эч качан ойлогусу келбейт. Карышкыр мүнөз. Планды түзүүдө жаңылбайт. Статистканы жатка билет. Россияны эмес керек болсо дүйнө жүзүн алакандагыдай көрө алат. Ал эч качан каткырып күлбөйт, мыйыгынан гана жылмаят. Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун баарын байкап турганга аракет кылат. Чын эле Путин күчтүү саясатчы.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Төмөндөгү сүрөттөр менен салыштырууга болот:

Последние новости