www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апасына дарыга акча таппай кайыр сураган баланын үй бүлөсүнө милиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүм балдар менен иштөөчү инспекциясынын кызматкерлери 22-июлда Ош шаарынын аймагында тилемчилик жасап жүргөн 12 жашар Адилетти (аты өзгөртүлдү) кармашкан. Анда Адилет оорукчан апасы үчүн дарыга акча топтоп жаткандыгын айткан. Кызматкерлер баланын убактылуу жашаган үй дарегин билишип, аны жашаган аймагы боюнча Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.
«Баланын зиректиги, апасынын ден соолугу үчүн көргөн камкордугу чын дилинен экендигин бала менен милиция кызматкерлери баарлашкан учурда байкалган. Жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүп бергенден кийин, 23-июлда аталган дарек боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кара-Суу шаарына барышып, камкор баланын үй шарты менен таанышып келишти. Баланын апасы чындыгында оорукчан, иштегенге дарманы жок. Жашаган үйү аябай эски, шарты жок. Өз үйү жок. Убактылуу батирде турушат. Апасынын ден соолугуна байланыштуу врачтар жалпы суммасы 7 миң сомдук дары жазып берген. Адилет ошол акчаны топтоо үчүн тилемчилик жасап жүргөндүгү чын болуп чыкты», - деп айтылат маалыматта.
Жаш баланын үй шартын көргөн инспекторлор бул үй-бүлөгө жардам берүүнү чечишкен. Кечинде аталган үй-бүлөгө кайра чогуу барышып, кичинекей Адилетке жана анын 5 жашар инисине таттууларды, ал эми апасына ошол рецепте жазылган 7 миң сомдук дары-дармекти жана азык-түлүк үчүн 5 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү.
«Үй-бүлөнүн шарты оор. Апасы Асылгүлдүн (аты өзгөртүлдү) оорукчан экендиги көрүнүп турат. Буларга жардам берген жакын туугандары деле жок экен. Кайын журту болсо күйөөсү каза болгондон кийин үйүнөн чыгарып салыптыр. Бул биз берген каражат түгөнгөндөн кийин бул Адилет апасын жана 5 жашар инисин багуу үчүн кайрадан эле көчөгө чыгышы мүмкүн. Буларга такай колдоо керек экен», - дешет Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлору.
Инспекторлор Адилетке балмуздак үчүн берген майда акчаны дагы балмуздак албастан апасына бергенин көрүп, жаш балага ыраазы болушуп, ошол эле мезгилде балалык доору үй-бүлө багуу менен өтүп жаткандыгын билишти
Бул үй-бүлө колдоого муктаж. Жөнөкөй кийим кечектен тартып, азык-түлүккө дагы муктаждыгы бар. Кимде ким жардам көрсөтүүнү кааласа милициянын лейтенанты Айчүрөк Артыковага 0999-69-99-69 номери аркылуу кайрылып, бул үй-бүлө тууралуу маалымат алса болот.
Булак: NazarNews.kg