www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде уюштурулган билим, илим кызматкерлеринин  Ош областтык спартакиадасы жыйынтыкталды. Мында  шаар, райондордон келген жогорку  жана орто окуу жайлардын, орто мектептердин курама командалары спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү  боюнча күч сынашты. Бул тууралуу маалыматты МЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Өзгөчө даярдыктар менен  катышкан спортчулар атаандаштарын жеңип, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Кызуу беттешүүлөр менен коштолгон иш чарада  Ош мамлекеттик университетинин командасы спорттун жети түрү боюнча да жогорку көрсөткүчкө жетишип, биринчи орунду ээледи. Ал эми Кара-Суу  районунан келген команда экинчи орунга жетишти.  Атаандаштарынан алдыга озуп чыгууга аракеттенген Ош технологиялык университетинин командасы  үчүнчү орунду алды.

Спартакиаданын жыйынтыктоочу салтанатында байгелүү орундарды ээлеген командаларга, мелдеште активдүү катышып, оюндарда чеберчилигин көрсөткөн спортчуларга билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин кубогу, атайын эстелик дипломдору жана ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү жетишкен ийгиликтери менен кызуу куттуктаган ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов аларга жогорку окуу жайдын атынан да татыктуу сыйлыктарын тартуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости