www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Улуу Ата Мекендик согушта жетишилген Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына атайын жумалык уланууда. Жумалыктын ар бир күнү түрдүү иш чаралар менен коштолууда. Ушул күнү да ОшМЮИнин юридикалык коллежинде «Ардагерлерибиздин баатырдыгын даңктайбыз!» аттуу жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.
Салтанаттуу түрдө өткөн иш чарада окуу жайдын окутуучулар жана студенттер жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 95 жаштагы Камыт Сатыбалдиев менен жолугушту. Анда ардагердин Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги эрдиктери эскерилип, ага сыймыктануу менен куттуктоолор айтылды. Эржүрөк ардагердин басып өткөн тарыхый жолун өрнөк катары кабыл алган студенттер ага атайын концерттик программасын арнап, майрамдык маанай тартуулады. Көңүлү көтөрүлгөн ардагер окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын айтып, жаштарды дайыма мекенчил болууга чакырды.
Иш чара андан ары ОшМЮИнин Адвокатура жана юстиция факультетинин «Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасы тарабынан уюштурулган тегерек стол менен улантылды. Жеңиштин тарыхтагы ээлеген ордуна арналган тегерек столго Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 92 жаштагы Роман Калимулин катышты. Анда окумуштуу окутуучулардын, студенттердин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш боюнча илимий баяндамалары угулуп, айрым жагдайлар кызуу талкууланды. Ардагер да жаштар тарабынан берилген суроолорго тарыхый окуялар менен жооп кайтарып, кеңири маалымат берди.
Булак: NazarNews.kg