www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А. кызы С. 2020-жылдын 17-июль күнү саат 14.30 чамасында Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150.000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу А. кызы С. арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнү 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.

2020-жылдын 31-июль күнү тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А.  Кара-Суу районунун Шарк а/а жайгашкан турак үйүнүн короосундагы  жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ  сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости