www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Ошто заманбап таштанды контейнерлери орнотулду

Кечээ, 16-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош-Тазалык ишканасы, Сулайман-Тоо МАБнын жетекчилиги, борбордун жанына керектүү жерлерге заманбап таштанды контейнерлерин орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, Курманжан-Датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулган.

"Ошондой эле таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытууга жол берилбестиги боюнча тургундар менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин "Ош шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү" долбоорунун алкагында, Ош-Тазалык ишканасына 360 заманбап таштанды контейнерлери кабыл алынды. Контейнерлерди керектүү жерлерге орнотуу иштери улантылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости