www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет желесинде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сүрөтү талкууланууда. Сүрөттөн мэрдин коомдук иш-чаралардын биринде трибунада сүйлөп жатканын, алдына килем төшөлгөнүн көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары мэрге мындай кам көрүүнү сындап жатышат.

Убагында күн бүркөө учурунда жардамчысына кол чатыр көтөртүп турганы үчүн мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, 2016-жылы Чүйдүн 90 жылдык мааракесинде жардамчысына кол чатыр көтөртүп турганы үчүн Бишкек шаарынын ошол кездеги прокурору Нурлан Сулайманкулов да коомчулуктун катуу сынына кабылган. Бирөөгө кол чатыр карматып турганы үчүн Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашев да талкуу чордонунда калганы белгилүү.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости