www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адабият айдыңында

Сөз ой менен тилди ортосунан бууп турган чиеленген түйүндү чечүүнүн мыкты ыкмасы болот деген накыл кеп бар. Адабиятчы, сынчы, котормочу, КРСУнун профессору жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин бөлүм башчысы Осмонакун мырза менен баарлашканым мен үчүн чоң сыймык болду.

- Башкалар бизден тартып ала албай турган өзгөлөрдөн өзгөчө руханий көөнөрбөс байлыгыбыз бар. Азыркы жаштарыбызга мына ошол руханий байлыктын бөксөсүн толтуруп турган залкарларыбыздын сап башында чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган, кыргыздын чыгааны, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов туурасында айта кетсеңиз. Айтматов сиз үчүн...

- Биринчиден, кыргыз элинин руханий туусу, биздин улуттук сыймыгыбыз, дүйнөгө биз дайым алып барып көрсөтө турган мандатыбыз жана визиткабыз. Жазуучу дегенде адабияттын тарыхын карай келсек, ошол жазуучу күтүлбөгөн жерден жарала калган нерсе эмес экен, улуу жазуучу деген сөз бар, эң биринчи кезекте ошол жазуучунун туулганынан баштап, ар кандай оош-кыйыштар, тагыраагы катаал жана чоң тагдырлар.

Байкаштырып көрүңүзчү, эгерде Айтматовдун туулушунда атасы чоң кызматты ээлеп жыргал заманда жашаса, “Саманчынын жолу”, “Эрте келген турналар” “Бетме-бет”, “Биринчи мугалим” жана башка чыгармалары жазылат беле?! Атасы Төрөкул Айтматов “эл душманы” аталып репрессияга айдалышы асмандан чагылган түшүп Айтматовдун үй-бүлөсүндө баягындай караңгы түн орногондо чоң стресс болгон.

Бул өтө сезимтал баланын жан дүйнөсүн самандай сапырып, катуу сокку болду. Үй-бүлөсү менен 5-6 күн поездде жол жүрүп “Маймак” станциясында атасын узатып, тозоктон дагы татаал турмушту баштан кечирип, согуш башталып, согушта нечен азап-тозокторду көргөн, кабыргасы ката элек өспүрүм өз курагынан эрте чоңоюп эрте жетилүүгө үй-бүлөнүн туну болгонуна байланыштуу үй-бүлө багуу жүгүн артканга мажбур болду. Албетте, мындай турмушту өзүнө эч ким каалабайт, бирөөнүн башына салбасын. Ошондой болсо дагы үлкөн жазуучу болуш үчүн сен тапкан идеяларды, темаларды өзүңдүн жон териң жана керт башың менен тартышың керек экен. Айта келсе жеңил нерсе, бирок баштан өткөрүүдө аябагандай татаал жол. Кудайдан тартуулаган жазуучулук шыкта Чыкемдин башына түшкөн чоң сыноолор болуп кетти.

Ошол баштан өткөн оор кырдаалдар Айтматов үчүн чыгармачыл көрөңгө болуп берген. Ушул жылдын апрель айларында Астана шаарында “Айтматов-империянын соңку жазуучусу” аталыштагы китебимдин ачылышы болуп өттү. Адабиятчы катары улуу жазуучу Чыкемдин өмүр жолу жана чыгармачылыгына кайрылууну туура көрдүм.

- Китепти окуунун дагы маданияты бар. Мисалга “Кылым карытар бир күн” романын мектеп жашымда окусам, азыркы куракта кайрадан окуп түшүнүү асман менен жердей экенине ынандым. Мени ушул романдагы каармандар Эдигей, Зарипа, Үкү баланы алсак, автор өз жашоосунан алганбы деген ойлор жетеледи.

- Жогоруда Айтматовдун жашоосунда тарыхый процесс байланышкан жерин айттык го. Бирок Айтматовдун дагы бир тагдырынын күчтүү жери анын ички турмушу, ички дүйнөсүндөгү тарткылыктар, оош-кыйыштар, драмалар, керек болсо трагедиялар. Айтматов өзү адам катары өтө таланттуу, кайраттуу, ошону менен катар назик, сезимтал болгон.

Анын дагы башкалар сыяктуу жан дүйнөсү бөксө учурлары болбой койгон жок. Чыкебиз Бүбүсарага жолуккан кезде, ичерге суу, өзөк жалгап алганга дан таппай жүргөн учурда карабайсызбы согуштун улуулугун, адам баласынын сезиминин улуулугун, жаштык-балалык сүйүүсү катары Сейиттин образын чыгармасында айкындап койгон.

Чыгармачыл тагдырындагы өтө окуялуу улуу психиатр Зигмунд Фрейддин мындай теориясы бар: “...жашоодо кездешкен өкүттө калган маселелер психологиялык аң-сезимде жүрөк туюмунда сублимацияга оошот”. Жалпак тил менен айтканда, жан дүйнөсүндө бир нерсе жетпеген сыяктуу бөксө болгон учурда, руханий күчкө айланып ошонун ордун толтурганда өнөр тармагында жазуучулук, композиторлук, актёрдук жааттан генийлер чыгармачылыктын туу чокусуна жеткен экен. “Жамийладагы” Сейит Айтматовдун өзүнүн жеке башынан өткөргөн окуясы, ага далилдер бар.

Өз көзү менен көрбөсө дагы жакындан билген кишилер ушул нерсе Айтматовдун турмушундагы дагы бир чоң драма болуп калды дешет. Жогоруда айтып кеткениңиздей “Кылым карытар бир күндөгү” каармандар автордун өз жашоосунда болуп өткөндүгүн тастыктап турат. Генийлердин сүйүүсү бөтөнчө болот. Мына жазуучунун дагы бир улуулугу, мына анын бийиктиги!

Айтматов генийдин башынан өткөн драмасы анын “Жамийла” аталыштагы дүйнөлүк классикага айланган чыгармалары далил. Кезегинде француз жазуучусу Луи Арагон “Жамийла” повести махабат тууралуу улуу баян” деп таасын баа берген. Адамдык тагдыр жазуучулук тагдырдын бирден-бир шарты окшобойбу.

- Улуу жазуучу болуу үчүн улуу тагдыр керек деген сөзүңүз жакты. Ашым Жакыпбековго айтылган сөз экен...

- Билесизби, Ашым Жакыпбеков боюнча өтө кызык маселе бар. Ашыкемдин төрт тарабы келишкен жазуучулук дарамети, шыгы болчу. Айтматов көргөн доорду, замандаштарды ал деле көргөн. Бирок Айтматов тарткан кыйынчылыктарды өзүнүн жон териси менен тарткан эмес. Айтматов көргөн күндү башкасы көрбөдү. Дегеним Айтматовдун “Кассандранын тамгасы” романындагы али бул жарыкчылыкка келе элек энесинин курсагында жатып алып, кыямат кайым болорун калтырап-титиреп күткөн эмбриондук эсхаттын аянычтуу үнү, ошол баланын маңдайындагы Н тамгасы туурасында чыгарма жазуу бир гана Айтматовдун акыл-парасатына энчиленген белги. Мында жазуучуну планетардык ой-сезимди туу туткан гуманист катары карасак болот. Ал эми адамзаттык проблемаларды көтөрүү – «Кассандранын тамгасы» романынын бирден-бир негизги өзөгү мына ушунда. Аны башкасы сезе алган жок. Албетте, Ашым Жакыпбеков чыгармаларын жазды бирок бир факты тастыктап турат, ал Айтматовдон кийин жазды. Болбосо Айтматов жеткен атак-даңк кадыр-баркка балким Ашым Жакыпбеков да жетмек, мисалга алсак, Жакыпбековдун “Атасыз өткөн күнү” дагы дезертир туурасында жана “Гүлсарат” темасына үзөңгүлөш “Айкашка” аталыштагы чыгармалары бар.

Гүлсарат темасын Айкашка деп жазды, дагы бир согуш туурасында дезертир тагдырын дагы бир чыгармасында жазды. Эки жазуучунун почеркин салыштыра келгенде, Айтматовду Айтматов кылган анын классикага айланган чыгармаларында бир эле кишинин жеке тагдырына токтолгон эмес, бүтүндөй адамзатты камтыган тарыхый бурулуштагы болуп турган нерселерди камтыган. Айтматовдун көйгөйү бир үй-бүлөнүн кейиштүү тагдыры эмес, анын кайсы каарманын албайлы ошол кейипкердин тагдыры чоң тарыхый глобалдуу тема.

Андыктан Айтматовдун ойго салып түйшөлткөн адамзат проблемасы анын бала кезиндеги саясий абалы. Чыгармаларында темир жол, Маймак станциясы же башка жөнүндө жөн эле сөз болгон жок, бул адамзатты туташтырып турган кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн байланыштар, философиялык ой тутумдар.

“Кылым карытар бир күн” романында жазылган Сары-Өзөктөгү бул поезд батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турду дегени эле планетанын дүкүлдөп согуп турган жүрөгү, планетанын кан басымы жатат. Айтматовдун улуу жазуучу болгонунун себеби тарыхый тагдыры, жеке тагдыры, ички турмуштун ыйкы-тыйкылары эмес чоң тарыхый процесстин конкреттүү бурулушу. Жакыпбековдуку баягы жеке кыргыздын жеке маселеси ошону колунан келишинче жазды, жазуучу катары элине таанылды.

Ал эми Жакыпбеков дагы өз доорунда чоң жазуучу болду. Ал жазган сценарийлердин негизинде “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Көз кареги”, “Айдагы жез кемпир” аттуу көркөм фильмдер тартылган. Ашыкем кара сөздүн дыйканы, буга далил анын “Теңири Манас” романы бар. Котормонун устасы деп баса белгилеп айтамын. Анын котормочулук өнөрү аркылуу кыргыз окурмандары С. Цвейг менен М. Горькийди (“Түпкүрдө” – “На дне”) таанышса, 1977-жылы С. Ибраимов атындагы Ош драма театрында М. Горькийдин “Түпкүрдө” пьесасы анын котормосунда коюлуп, чоң маданий жаңылык катары СССР маданият министрлигинин мыкты котормо үчүн сыйлыгы жана диплому ыйгарылган. Чыкемдин чыгармаларын окурмандарга жеткиргендигинин себеби анын мыкты котормочулук бийик дараметинде деп билем.

- Жазуучуга анын жазган китептери окурмандарын тапса ошол мааниге ээ. Жазуучу болууну самагандар үчүн профессионал жазуучунун кеп-кеңештерин уксак...

- Жазуучу болуш, албетте, табият берген талант, турмуш, тарых ыроологон тагдыр экен. Мен адабиятчы катары айта кетсем, бул биздин өткөн доор жөнүндө сөзсүз жазылышы керек эле, жазылгандар ойдогудай эмес. Мен бир гана нерсеге өзүмдү сооротуп келемин. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө согуштун убагындагыдай эч ким жаза алган эмес. Согуш туурасында 10-15 жыл өткөн соң жарык көргөн чыгармалар бар, жок дебейли. Бирок согуштун убагындай жан дүйнөнү титиреткен чыгарма таба албадым. 2000-жылдардын башында руханий кыйынчылыктан чыгып “инкубационный период” туурасында ошол кыйын кезеңди нагыз өзүн сүрөттөгөн көркөм адабий китептер, ырлар, композициялар, көркөм фильмдер, драмалар, кыл калем менен тартылган сүрөттөр чыгышы керек го деп үмүттөнөм. Себеби, биздин доордо Айтматов кайталанышы керек.

- Эгемендик жылдардан тарта адабият айдыңы аксап келет, окурмандардын табитин “жеңил-желпи китептер” менен бузуп алдык өңдөнөт. Жазуучулар салмактуу чыгармаларды жазбай калганынанбы? Сиз эмне себептен деп ойлойсуз?

- Адабияттын маселеси тереңге кеткен маселе - бул бир. Экинчи жагы союз доорунда биздин жазуучулар советтик системанын идеологиясынын курмандыгы болуп калган. Кандай китеп чыгарбагын эки-үч темасында өкмөт менен партияны козгоп кетишиң керек. Өкмөт ошол бюджеттен акча берчү. Ал заман өттү-кетти. Капиталисттик заман орноду. Бул заманда китебиңди алса алып кетти, албаса үйүңдө жыйылып турат. Кимдир бирөө дагы бирөөгө китебин зордоп бере албайт. Ушул заманда биздин жазуучуларыбыздын чоң трагедиясы, көрсө биз жаңы заманга ылайыктап чыгарма жазганга даяр эмес экенбиз, бул көйгөйдү мен өткөн доордун кризиси деп айтат элем. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, музыка, сүрөт, кино, театр тармагы кризистен чыгып кетти. Адабият бул кризистен негедир чыга албай жатат. Биз баарыбыз калың китеп чыгарганга аракет кылабыз. Улуу китептер жука жана жупуну болот.

Мына, Анна Ахматованын китеби “Белая стая”, дагы бири “Четки”. Сүйүнбай Эралиевдин улуу новатордук поэмасы “Жылдыздарга саякат” китеп сыяктуу деле эмес. Бирок кыргыз адабиятында үлкөн орду бар. Ошол эле Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасын” китеп деп да атоого болбойт, жука эле китеп, бирок анын поэмасын билбеген кыргыз жокко эсе. Замандын талуу жеринен кармап окурмандын көңүлүнө кыт куйгандай так калтырыш керек экен.

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы адабияттын бийик чокусуна жетет деп эч ким күткөн эмес, бирок болду. Баары эле Төкөмүн романына жеткирели деп убара, бирок ошондой деңгээлдеги бир да роман чыкпады, тилекке каршы. Болбой эле баягы Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын рекордун кайталайлы деп баары аракет кылып жатышат. Бул дагы кызык нерсе. Мен билгенден 40ка жакын тарыхый роман чыкты. Азыр тарыхый баатырларды чыгарып жатып өтө майдаланып кеттик. Реалдуу алып карасак, кеп баатырда эмес, кеп замандын баатырында. Лермонтовдун “Герой нашего времени” аттуу чыгармасы бар. Өз заманыңдын баатырын же “антигероюн” табыш керек. Ушул маселеге жакындаган учурлар бар, мына кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжазасын” алалы, өтө маанилүү симптомдорду көрүүгө болот. Кыргыз эл акыны Акбар Рыскуловдун “Үмүт күдүк” аттуу китеби чыкты, бул дагы замандын талуу жерлерин көрсөттү. Китеп автордун чыгармачылыгындагы бурулушу, жаңы өңүттө ачып берди. Менимче, ошол чоң кризистен чыгуу турмуштун чоң проблемасын козгоо. Дагы бир орчундуу көйгөй китепти бизнеске айланткан мода пайда болду, ал мода качан эскирет билбейм, азыр аны айтуу кыйын.

- Кыргыз элитасы, интеллигенциясы тээ 70-80-жылдарда эле токтогон. Азыр интеллигенция жок дегенге кошуласызбы?

- Сталиндик доордо, албетте интеллигенция бар эле. Ал эми азырчы?! Тымтыракайын чыгарып көпчүлүк интеллигент болбой эле соодагер болуп калды. Жазуучу жазуучулугун унутту, бул кризис өткөөл доор социализмден капитализмге өтүшү, демократия куруунун тарткылыктары. Жок деген сөздүн өзү жаман сөз, кантсе да анча-мынча туура сүйлөп, жукурланып көрүнгөнгө жасакерленбей өз оюн айткандар бар же болбосо эки жакка тең кошулбай өз дүйнөсү менен жашаган кыргыз элитасы дагы жок эмес. Бизде эки жүздүүлүк өтө чегинен ашып кетти, бирок өзүнүн жолу, багытынан айныбай келе жаткандары да бар.

Динара АСЫЛБЕКОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости