www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун балдар менен иштеген мүчөсү кармалганын билдирди.

6-декабрда баш калаанын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде аталган уюмга мүчө деп шек саналган эки кишинин батиринде тинтүү жүргүзүлдү.

24 жаштагы шектүүнүн үйүнөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна таандык адабияттар, идеологиялык жазуулары бар материалдар табылган. 27 жаштагы шектүүнүн үйүндө балдарга диний билим берилип жатканы аныкталган.

"Тинтүү жүргүзүлгөн кезде батирде 10-17 жашка чейинки жети өспүрүм болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдарды экени такталды",- деди УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.

Балдарга окутуу уюштурган деп шектелген жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал окутуп жаткан өспүрүмдөр туугандарына өткөрүлүп берилди.

Сунни мусулмандарынын “Хизб-ут-Тахрир” уюму "ислам халифатын курууну көздөйт" мүнөздөлөт. Бул диний-саясий уюм бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да "экстремисттик" деп табылып, 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен ишмердигине тыюу салынган.

УКМК бул уюмга мүчө деп шек саналгандар кармалганын утуру маалымдап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости