www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ар бир бешинчи наристе расмий никесиз төрөлөт

Кыргызстанда ар бир бешинчи наристе расмий никесиз төрөлөт. Бул тууралуу расмий маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.

Мекеме берген маалыматка ылайык, 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам, никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 20%га кыскарган.

Кыргызстанда аялдар да эркектер да көбүнчө 20 жаштан 29 жашка чейнки аралыкта баш кошушат. Тагыраак айтканда никеге тургандардын 70%ы.

Бардык эле никелер бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашат: айыл жеринде 1 миң никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы калктуу конуштарда алар 2,2 эсеге кѳп.

2020-жылы ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн, ал эми 2016-жылы ар бир төртүнчүсү. 2020-жылы юридикалык эмес никеде төрөлгөн балдардын санынын ичинен 15 миң бала ата-энелердин биргелешкен арызы боюнча катталышкан жана 15 миңге жакын бала энесинин гана арызы боюнча катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал. Никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20–35 жаш курактагы энелерден төрөлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости