www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

The Financial Times 15 жаштагы ооган кызын 2021-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү 25 аялдын катарына кошкон. Аны Financial Times гезитине укук коргоочу жана Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай көрсөткөн.

«Сутуда Фурутан талибдердин аракеттерине нааразылык билдирип, кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган. Анын кайраттуулугу жана күчү Гераттагы талибдерге кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берген. Сутуда кыздардын билим алуу укугун коргоого батынган. Дүйнө анын үнүн жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү ушундай кыздардын үнүн угушу керек», - дейт Юсуфзай.

Ооганстанда талибдер бийликти басып алгандан жана мектептер жабылгандан кийин Сутуда Фурутан өлкөдөгү аялдар менен кыздардын укуктарын коргогондордун бири болуп калды. Анын сүйлөгөн видеосу Ооганстанда кеңири талкууга алынып, социалдык тармактарда көптөгөн жолдоочуларын тапты.

Сентябрда «шейиттер жумалыгында» (Хафтай Шахид) жана Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнүн урматына Талибан өкүлдөрүнүн катышуусунда ал мектептеринин жабылышын сындаган.

Кабулдун «Иттилооти Руз» (Күндүн жаңылыктары) гезитине жакында берген интервьюсунда Сутуда Ооганстандагы акыркы окуялар аны кыздардын билим алуу укуктарын коргоого аргасыз кылганын айтты.

«Мен ачык сүйлөп, аялдардын азабын жеткирүүнү чечтим. Анткени, кимдир бирөө бул маселени көтөрүшү керек болчу», - деди ал.

Сутуда азыр эл аралык коомчулукту талибдердин бийлиги астында ооган аялдарын жалгыз калтырбоого чакырат.

Financial Times тизмесине белгилүү айымдар – саясий жана коомдук ишмерлер, спортчулар, редакторлор, дизайнерлер, журналисттер жана башка атактуулар менен активисттер кирген. Тактап айтканда, тизмеде президенттикке талапкер жана Беларустун Координациялык кеңешинин жетекчиси Светлана Тихановская, ДССУнун башчысы Нгози Оконжо-Ивеала, АКШнын Федералдык соода комиссиясынын төрагасы Лино Хан, General Motors компаниясынын төрагасы жана башкы директору Мерри Бар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости