www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаганы белгилүү болгон.

Өзбек басылмаларынын айтымында, кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы кыз жана анын 9 жаштагы инисин суу агызып кетип, көз жумган. Кыздын сөөгүн окуядан бир нече саат өткөндөн кийин табышкан. Ал эми иниси эс-учун жоготкон абалда табылганы менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Мындан сырткары кырсык болгон жерлерде эгин талаалары да бар болуп, алар дагы суу алдында калып кеткен.

Суу каптаган аймактардан жалпы 12 миң адам эвакуацияланган. Окуя болгон жерге өлкө башчысы жана премьер-министр келип, кырдаалды өз көздөрү менен көрүп кетишкен.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости