www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Айыл жергесине мындай объектинин курулушу – бул жаратман процесс, жеке мен үчүн да маанилүү болуп саналат", — деди Жапаров.

Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, таза суу маселеси да чечилет.

Садыр Жапаров өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

"Долбоордун негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алыш үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен. Аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз мындай бут тосууларга эми жол бербейбиз. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", — деди өкмөт башчы.

Жапаров Катар мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгилеген.

Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года

Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года

Флаги Кыргызстана и благотворительной организации Катар Чарити во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года

Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года

Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года

Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года

Последние новости