СҮРӨТ - Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды
Расмий кабарлар  |   |  2778

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.

Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту.

Президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями