www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу Шохмансур райондук сотунан журналист Далер Шарифовду 2 жыл төрт айга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Далер Шарифов

Сот отуруму 16-апрелде өттү. Бирок журналисттин адвокаты Далер Шарифовдун күнөөсүз экенин айтып, аны сот залынан бошотууну өтүндү. Далер Шарифов үч айдан бери тергөө абагында отурат.

Журналист ушул жылдын башында Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. Ага «улут аралык жана диний кастыкты козуткан», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айып коюлган. Шарифов күнөөсүн мойнуна алган эмес.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму тажик бийлигин Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырган жана ага кылмыш ишинин козголгонун «акылга сыйбай турган көрүнүш» катары сыпаттаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости