www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Россия Ким Чен Ынды медаль менен сыйлады

Корей Элдик Демократиялык Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын «1941-1954-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы» юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Россиянын Пхеньян шаарындагы элчилиги билдирди.

«Россия Федерациясынын президентинин жарлыгы менен Корей Элдик Демократиялык Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын Корей Элдик Демократиялык Республикасынын аймагында каза болгон жана жерге берилген советтик жарандардын атын түбөлүккө калтырууда кошкон салымы жана советтик аскерлердин мемориалдарын сактаганы үчүн медаль менен сыйланат», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Медалды Россиянын элчиси А.Мацегор аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Ли Сон Гвонго тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости