www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан эки жыл мурун үч шайыр кыздар Роза Шакирова, Азиза Адиева жана Айура Салахидинова биригип, “Эски достор” аталышындагы триону курушкан. Ал убакыттан бери үчөө өзүлөрүнө жарашкан жакшы ырларды жаздырып, тынымсыз клиптерди тарттырып тойдон калбай элге кызмат кылып келе жатышат.

Бул трионун учурда продюсери, менеджери да жок. Үч айым өзүлөрүнө өзүлөрү продюсер болуп, ак эмгектин аркасы менен ийгиликтерге жетишип жатышат. Бул тууралуу Роза: “Трио тууралуу баардыгын баштаган Айнура. Анын кучү менен баардык жумуштарыбыз бат бүтөт. “Тургула, бүгүн клип тартылат. Фотосессия, эфир бар” деп тынбай чалып, биздин иштетип турат. Айнурага ыраазыбыз” деп билдирди. 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости