www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиздин чыгармачылыгыңыз - бул улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым. Мындай сөздөрдү Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушуу учурунда айтты. 

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү - бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун жүрүшүндө манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Чыгармачыл инсандардын пикирлерин уккан соң, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн жактардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшаарына ишендирип кетти.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, чың ден-соолук жана ийгилик каалады. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости