www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Садыр Жапаров жубайы менен концертке барды

Президент Садыр Жапаров "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине күбө болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобу, 7-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, аялзатынын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең апа сенин бешигиң" аттуу концертин тартуулашты.

Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссеру КР Эл артисти Алтынбек Максүтов. Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Концертке өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости