www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарында 9-марттан тартып эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү токтомду шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин 6-мартта кабыл алды. Буга калаадагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал себеп болгону кабарланды.

Токтомго ылайык, Алматыда шейшембиден тартып көргөзмө, форум, конференция, той-топур жана майрамдык корпоративдер сыяктуу массалык иш-чаралар өтпөшү керек. Мындан тышкары башкы санитардык дарыгер соода жайларында социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу эрежелери канчалык сакталып жатканын текшерүү үчүн санитардык кайгуул кызматтарын түзүүнү да сунуштады. Азырынча мындай чектөөлөр канчага созулаары белгисиз.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 7-мартта билдиргендей, өлкөдө соңку бир сутка ичинде 802 адамдан коронавирус табылды. Алардын эң көбү же 185и Алматы шаарынын тургундары.

Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алганы ырасталган жана анализинен вирус табылбаса да “COVID-19 сымал пневмониядан” жабыркаган адамдардын жалпы саны 267 миңден ашты. Расмий статистика боюнча, илдеттен 3,4 миңдей адам көз жумду. Бирок буга чейин казакстандык активисттер бийликтин расмий маалыматынан күмөн санашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости