www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат, айыпсыз камакта жаткан Садыр Жапаровдун колдоо штабынан үн жазгыч аппараты табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-февралда жеринен Илимбек Исраилов билдирди.

“Сиздер көрүп турган аппаратты бүгүн таап алдык. Анын Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Дөөлөт Жапаров кара түтүктү көрүп калды, ордунан сууруп чыксак атайын үн жазуучу аппарат экен. Атайын экспертти көрсөттүк, алар, атайын үн жазган аппарат экенин тастыкташты”, -деди Илимбек Исраилов.

Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров “2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган” деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы саясатчынын Жогорку сот аны он жылга кескен. 2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттердин басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости