www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы жол тыгындары, жол чырактардын иштөөсү жана калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин талкуулады.

Оштун мэриясынан билдиришкендей, жыйынга вице-мэр Асылбек Топчубаев, "Ошэлектр" ишканасынын башкы директору Артур Жусуев жана жаңы түзүлгөн Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдукеримов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу, анын ичинде жол тыгынынын пайда болушуна каршы туруу, ошондой эле электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелери айтылды.

Калаа башчысы акыркы күндөрү тургундар тарабынан көп арыздар келип жатканынын билдирип, мүчүлүштүктөр боюнча тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

"Жол тыгыны элди кыйнап жатат. Андыктан тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, тоскоолдуктарды жаратып жаткан жол жээгиндеги унаалар менен иш алып баруу керек. Мындан тышкары, кыш мезгили келгендиктен электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоонун үстүндө иш жүргүзгүлөт. Жол чырактар өчүп, унаалардын тыгыны көп болуп жатат. Бирдиктүү иш алып барып, көйгөйлөрдү жеринен чечип, ыкчам иш жүргүзүү зарыл. Ал эми жолдорду оңдоо, кеңейтүү иштери жазында улантылат", - деди Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Ош шаарында бүгүндөн баштап Милициянын кайгуул кызматы өз ишин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости