www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Сейна Жумабаева Жайыл райондук сотуна, прокуратурага жана тергөөчүгө мыйзамсыз иш алып барып жаткандарына нааразы. Бул тууралуу ал журналисттерге маалымат жыйында билдирди.
--“2015-жылы менин балам Кубаныч Жумабаевди белгисиз бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Анда балам 25 жашта гана болчу. Тилекке каршы, милиция баламды өлтүргөнгө шектүү Чыңгыз Мелисбековду издеп таппай коюшкан. Ал беш жылдан кийин гана 2020-жылы ноябрда араң Таластан кармалды. Баламды өлтүрүүгө катыштыгы бар катары дагы Кылычбек уулу Толкун дагы камалган. Бирок, тиешелүү органдар бул боюнча мыйзамдуу иш алып барбай менин зээнимди кейитип жатышат.
Себеби, баламды өлтүрүүгө шектүүлөргө жан тартып, жаза мөнөөтүн кыскартканга аракет кылышууда. 5 жыл кармабай, тиешелүү чара көрбөгөндөрү аз келгенсип, эми аларды эрте эле боштондукка чыгаргылары бар. Мен мончоктой баламдан айрылдым. Балам жер кучактап жатат, мени бул жакта көз жашымды төгүп ыйлап жүрөм. Жок дегенде ушуну эске алышпайбы.
Ал эми Жайыл райондук сотундагы судья Аман Бөкөнбаев баардык иштерге өзү шектүү жарандарга тартып, тергөөчү жана прокурор болуп алды. Тактап айтканда, ал Кылычбек уулу Толкунду бошотуу алдында турат. Бизге акыйкат чечим чыгарып бербей жатат. Кылычбек уулу бул ишке катыштыгы бар болгондуктан өзүнүн жазасын мыйзамдуу алсын. Ал эми прокурор Качканак Нургазиев жана тергөөчүгө дагы биз нааразыбыз. Андыктан биздин үй-бүлө жана жактоочубуз Элмира Чортонова болуп бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз. Жаш баламдын өмүрүн кыйган жарандар жазасы өтөсүн. Ал эми тиешелүү органдарга чара көрүлсүн, мен акыйкат издейм”, - дейт Жумабаева.
Булак: NazarNews.kg