www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңыдан дайындалган Өмүрбек Суваналиев бүгүн облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Суваналиев өз сөзүндө Баткен облусу борбордон алыс жана чек аралаш аймакта жайгашкандыкан, аймакта коопсуздук жана ар тараптуу өнүктүрүү маселелери турарын билдирген.

«Бул үчүн биринчиден ынтымакта болушубуз керек, коңшу мамлекеттер менен да ынтымакта болуп, маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарыл. Алдыда бул багытта коюлган милдеттерди аткарууга болгон күч аракетти жумшайбыз», - деп билдирген облус башчысы.

Эске сала кетсек, буга чейин Баткен облусунун жетекчиси кызматын аркалап турган Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости