www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчү Бишкек шаардык сотунда ушул аптада каралат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда депутаттын жактоочусу Бакытбек Жумашев билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.
Жумашев ошондой эле социалдык түйүндөр аркылуу видеобилдирүү таратып, Кыргызстанда «мыйзамдар бирдей иштебей жатат» деген оюн айтты:
«Эмне үчүн биздин мыйзам бирдей эмес, ар бир жаранга бирдей иштебейт. Ошондой эле коррупция боюнча айыпталгандар үй камагына чыгарылып, иштерин кылып жатышат. Кубанычбек Жумалиев боюнча дилил болбогондон кийин аны изоляторго жаппай, аксакал деп үй камагына чыгарып коюшса болмок», - деген ал.
Эскерте кетсек, Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган. Ал Эл аралык медициналык университеттин ишмердигине лицензия берүү боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар экени, ага байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыган фактылар аныкталганы белгиленген.
Булак: NazarNews.kg