www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги ротацияны эмне үчүн жүргүзгөнүн түшүндүрүп берди.
ИИМдин басма сөз кызматы коллегиянын чечимине ылайык, ички иштер органдарында кадрдык жактан ротациялоо жүргүзүлүп, анын негизинде ички иштер органдарынын маанилүү кызматтарына кесипкөй жетекчилер дайындалгандыгын билдирет.
Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу болгондуктан, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган.
Жетектөөчүлүк кадрды ротациялоо - кадрларды тандоонун жана баалоо механизмин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратынын маанилүү кызматына, облустардын, Бишкек жана Ош шаарынын ички иштер органдарынын жетекчилик курамына өз ишинин кесипкөй кызматкерлери дайындалды.
«Жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен мамиле кылып, көйгөй жараткан маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат. Кадрдык жактан сапаттуу тандоолор ички иштер органдарынын маанилүү ресурсу болуп саналат, укуктук тартипти камсыздоо маселесинде ийгиликтерди жаратат жана ыкчам кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ички иштер министрлигинин алдына коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу ички иштер органдарынын кадрдык потенциалы жогору жана сапаттуу болушу абзел», - деп айтылат маалыматта.
Ошол себептүү коллегиянын чечиминин негизинде жана атайын сынактардан ийгиликтүү өтүп, ИИМдин буйругу менен жаңы дайындалган жетекчилердин алдында ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда, коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы заманбап ыкмаларды иштеп чыгуу, аны практикада пайдалануу багытында көптөгөн иштерди аткаруу милдети турат.
«Биз алардын ар бирине ишеним менен маанилүү милдеттерди жана тапшырмаларды коюп олтурабыз. Биздин башкы максат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпилдиги, коопсуздугу жана укуктук тартиптин камсыздалышы болуп саналат», - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.
Булак: NazarNews.kg