www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык АРИС уюму Жалал-Абад облусунда өз ишмердүүлүгүн улантып жатат. Анда басымдуу элет калкынын жашоо шартын жакшыртуу, социалдык-экономикалык, айыл жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытындагы чакан жана ири долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу АРИСтин облустук өкүлчүлүгүнүн аймактык координатору Айбек Касымов билдирди.
Акыркы эки жылдын аралыгында жеке ветеринар кызматтын туруктуу жана сапаттуу аткарышын колдоого Жалал-Абад облусу боюнча 67 жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 134 ветеринарга жалпы суммасы 14 млн 268 миң сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү. Учурда аталган долбоор айыл чарбага колдоо көрсөтүү басым жасоодо. Бүгүнкү күнгө жалпы 560 млн 483 миң сом акча каражат жумшалса, анын 401 млн 816 миң сому АРИСтен грант катары каржыланган.
Айбек Касымовдун айтымында, жергиликтүү жамааттын салымы 158 млн 667 миң сомду түздү. Бул инвестициялык акча каражаттарын атайын техникалар сатып алууга, жайыттардын тактоо, жер жерлерде ветеринардык пункт, көпүрө, мал суу ичүүчү жайлар курулуп, койдун жүнүн кыркуу, булактарды каптаждоо жана башка кичи долбоорлорго жумшалган.
Жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарына ылайык атайын техникаларды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлердин негизинде МТЗ-82,1 тракторлору, МТЗ-1221.2, бульдозер-тракторлору, комбайн, фронталдык жүктөгүч, самосвал, чөп жыйноочу техника, соко жана башка шаймандары менен 228даана атайын техникалар сатылып алынды. Алар айыл өкмөттөрүнүн балансына коюлуп, жайыт комитеттерине келишимдик негизде оперативдүү башкарууга берилди,- дейт Касымов.
Белгилей кетсек, АРИСтин “Шаарларды өнүктүрүү” долбоорун каржылоого республика боюнча Кербен, Токтогул, Сүлүктү жана Балыкчы шаарлары кирген. Андан Аксы районунун Кербен шаарына 204 млн сом каражат бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg