www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тергөө кызматы Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу фактыны тергөө иштерин улантып жатат. ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-июлда билдирген маалымат боюнча, Инанды Түркиянын паспортуна ээ болуп туруп, 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID-паспортун алганы тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон. Ал эми 2012-жылы 25-декабрда Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун алган.

Милициянын маалыматы боюнча, Орхан Инанды кыргыз паспортуна ээ болуп, Түркиянын 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон паспортун колдонуп жүргөн. Кыргызстандын чек арасын 27 жолу кесип өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжанга, Казакстанга, Бириккен Араб Эмираттарына, Россияга, Түркияга жана Индияга барганы айтылды.

ШИИБдин маалыматы боюнча, Орхан Инанды 2018-жылдан бери Кыргызстандын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россияга, Казакстанга жана Индияга учуп барган.

Орхан Инандынын уурдалышы

"Сапат" билим берүү тармактарынын негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү Бишкектен жоголгон. Автоунаасы эшиктери ачылган абалда Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде табылып, ал кишинин жоголгондугу тууралуу арызды уулу жазган. "Сапат" билим берүү мекемесинин юристи Зоотбек Кудайбергенов Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын 2012-жылы алганын белгилейт.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Инандыны уурдоо боюнча кол салуу болорун эки жыл мурда эскерткенин билдирди. Президент Садыр Жапаров Инанды жоголгон күнү аны табуу боюнча күч органдарына тапшырма берген. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында да козголгон.

6-июнда Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды айрымдар анын күйөөсү Түркиянын Бишкектеги элчилигинде болушу мүмкүн экенин айтканын билдирген. Кийинчерээк ИИМге Түркиянын элчилигинин имаратында Инанды жок экенин маалымдашкан.

Жапаров Түркияга жасаган иш сапарында бул боюнча Эрдогандан сураганда, ал Инандыны билбей турганын айткан.

5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бир ай мурда жоголгон Орхан Инанды атайын операцияда кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды. Ал арада Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга Кыргызстан тараптан нота тапшырылганы маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости