www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Ширин Айтматованын

Буга чейин "баш ал десе, бөрк алган" Ширин Айтматова кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен итин жетелеп алып, Кыргызстанга аты-жыты белгисиз активисттер менен митинг уюштуруп жүргөндүгү белгилүү. Учурда социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан  Матраимовдорго жармашып жүргөндүгүнүн себеби бар экен. Көрсө, ал Матраимовдор финансылык колдоо көрсөтөбү деп "ҮМҮТ-2020" кылган тура. VB.KGнин маалыматында Ширин Айтматова "кызылдай эле алдамчы"  экендиги так далилдер менен берилген. Материал NazarNews.kg маалымат агенттиги тарабынан кыргызчаланды.

27-январда Ленин РИИБине А. Амантуровага карата алдамчылык боюнча арыз келип түшкөн. Анда ал Бишкекте кафени жана хостелди ижарага алып, ээсин алдап, 8 миң доллар төлөбөй койгондугу айтылган. Ижарага алынган жердин ээсинин айтымында “арам бизнести” Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова башкарган.

2018-жылдын июнь айында Юрий Ким ишеним каттын негизинде Айдана Амантурова (Абдиева) менен келишим түзгөн. Келишим боюнча Бишкектеги Токтогул көчөсү, 181 дарегиндеги жерди жеке ишкер Амантурова алып, ал жерге “Tavi” деп аталган кафе жана хостел ачкан. 

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Юрий Кимдин ою боюнча начар башкаруудан улам бизнес жүрбөй калган. Ал эми жердин ээси Юрий Ким ММКларга “тергөөнүн адилеттүү жүрүшү” үчүн кайрылган.

“2019-жылы алар жердин ижарасынын да, коммуналдык кызматтардын да акысын төлөшкөн эмес. Натыйжада алардын карызы 2019-жылдын октябрь айында 10 миң $ болгон. Мен ай сайын ижара акысын сурасам, күтүп туруңузчу деп жалган убадаларды беришчү".

Ширин Айтматованын эмне тиешеси бар?

Юрий Кимдин айтымы боюнча Айдана Амантурова атына гана кафе менен хостелдин ээси. Ижарага алынчу жерди көргөнгө жана аны сүйлөшкөнгө ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын өзү келген.

“Ошол учурда менин таанышым Сыргак Кенжебаев келди (ред.: ошол учурдагы Айтматованын жолдошу). Сыргак мен аларга жардам берип, кам көрүшүмдү сураган. Мен макул болгонмун. Ижаранын келишими түзүлгөн. Ошону менен бирге ижара акысы тууралуу жеке Ширин Айтматова менен телефон аркылуу сүйлөшүп турдум. Ширин Айданага акча берип, эмнени, кандай жасаш керектиги жөнүндө айтып турган. Шириндин дал өзү кофейняга Таиланддан кофе ташып, кызматкерлерге айлык акы берчү.

Анын сөздөрүн WhatsApp тиркемесиндеги (телефон номер чындыгында Ширин Айтматовага тиешелүү), жазышуулар үн кабарлары күмөнсүз экс-депутаттыкы экендигин тастыктап турат.

 Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Юрий Ким редакцияга алып келген жазышууларда ижара акысын төлөө суранычы 2019-жылдын жаз айларынан башталат. Бардык суроого жооп бирөө: “Күтүп туруңуз, акча жакында болот”. Ошондой эле Айтматова Юрий Кимден сырткары башкаларга да карыз экендигин жазып, жакында баарын төлөй тургандыгын айткан.

"Мен Ширин Айтматовага, Айдана Амантуровага карызды аз-аздан төлөй бергиле, көбөйүп кетет деп дайыма айтчумун. Анан келишпестик пайда болду. Сыргак Кенжебаев менен бир нече жолу сүйлөшкөнмүн, карызды төлөйм деп убада берип, алдап, такыр эле жоголуп кетти”.

Август айында Амантурова ижара келишимин токтотуу жөнүндө расписка жазып, жердин ээсине кайра доо койгон. Амантурова түтүктөр бүтөлүп калгандыгы үчүн Юрий Ким 100 (!) сомдук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшү керектигин айткан.

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

"Түтүктөрдү тазалоо үчүн 100 миң сом төлөбөсөм алар кетебиз деп айтышып, мага доо коюшту. Кийин биз сантехниктердин тобун чакырып,  түтүктөрдү тазалаттык. Түтүктө кафенин жана хостелдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу азыктар жана памперс, салфетка, тамактын калдыктары чыкты. Айтмакчы, тазалоого 6 миң сом кетти, бирок алар менден эмне үчүн 100 миң сом талап кылгандыгын билбейм.

Бирок ижарачылар баары бир кетүүнү туура көрүшкөн

"Жыйынтыгында алар кафени бошотушу керек деген чечимге токтолдук. Ижара келишимине ылайык ижарачылар кетиштен бир ай мурда расмий түрдө билдириши жана ижара акысын төлөшү зарыл болчу. Бирок алар эч нерсе жасашпай, кафени, хостелди жаман абалда калтырып кетишти”.

Сентябрда Айдана Амантуровага тиешелүү дагы бир расписка пайда болду. Анда Амантурова кийинки айда бардык карызды төлөөрүн жазган. Карыздын суммасы коммуналдык кызматтар үчүн 33 миң сом болсо, келишим боюнча ижара акысы 8 миң $ эле.

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

"Айдана бул акчаларды Ширин кийинки айда төлөшүнө убада бергендигин айткан. Мен Ширин менен карызды төлөө тууралуу сүйлөшүүнүн уланта бердим, акыры ал мени Айданага жиберди. Кийин акчасы жоктугун айтып, мага кандайдыр бир  мешти сунуштаганга аракет кылды. Ошентип, сентябрь, октябрь, декабрь өттү. Январда Айтматованын айдоочусу Самат миң $ алып келди. Бирок мен январдын аягына чейин алар карызды толук төлөбөсө укук коргоо органдарына алдамчылыгыңар үчүн арыз менен кайрылам деп айтканмын”.

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Иштин иликтениши

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Юрий Кимдин арызы Ленин РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Редакция РИИБдин басма сөз кызматынан кененирээк маалымат сураганы менен материал жарыяланаар убакта алар маалымат беришкен жок.

Юрий Кимдин айтымында Айдана Амантурова тергөө учурунда аны күч колдонуу аркылуу карызды төлөө тууралуу расписка жаздырышкандыгын билдирген. Ал эми Ширин Айтматова Tavi кафесине жана хостелге тиешеси жоктугун айтып, Айдананы жөн гана таанышым деп койгон.

"Эми алар жалган көрсөтмө бергендиги тууралуу жоопкерчилигин айтса болот. Демек, өзүн адам укуктарынын коргоочусу, коррупция менен күрөшүүчү катары көрсөткөн, адилеттүлүк тууралуу сүйлөгөн Ширин Айтматованын чыныгы жүзү ачылды. Ушул убакка чейин анын айткан сөздөрү жөн гана төш каккылоо болгон.

Ушундай кичинекей карызды жабууга анын акчасы жок экендигине мен ишенбейм. Адам жөн гана өз милдеттенмелерине жооп бергиси келбей жатат. Эки баланын энеси болгон Айдананы тагдырдын сыноосуна таштап, бул көйгөйдү чечүүгө мажбурлады. Эгер аткаруучу Айдана кылмыш жоопкерчилигине тартылса иш кандай жакка оойт, Ширин буга моралдык жактан кандай жооп берет, билбейм".

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Маектештин белгилегенине караганда бизнестин ушундай жүрүшү экс-депутатка кадимки көрүнүш. Анткени Tavi кафеси Шириндин чыр-чатак менен жабылып жаткан кезектеги-үчүнчү ишкердик  “идеясы”.

"Эгерде алар акчаны беришсе, мен албетте, арызымды кайтарып алам. Мага ашыкча нерсенин да, моралдык компенсациянын да кереги жок. Эч кандай “канды” да каалабайм. Айрыкча, Ширин өзүнүн кызматкеринен баш тартып коюп, кырдаал курчуп, жоопкерчилик Айдананы моюнуна илинип калды. Мен муну каалаган эмесмин”.

P.S.

2019-жылы ноябрда “Үмүт-2020” кыймылы (демилгечиси Ширин Айтматова) Кыргызстандагы коррупцияны иликтөө үчүн каражат чогултууну жарыялаган. Реквизиттерде алуучу катары дал ушул Айдана Амантурова көрсөтүлгөн. Демек, бул Айдана Амантурова менен Ширин Айтматова жөн гана тааныш эместигинен кабар берет.

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Айтмакчы, экс-депуттын материалдык жардам долбооруна тууралуу сөз: Жакында ал Үмүт-2020 үчүн Patreon (авторлор өз иштерин акылуу төлөм аркылуу тарата алчу веб-сайт) ачылгандыгын Twitter баракчасында жарыялаган.

Айтматованын ишкердүүлүгү эмне менен аяктаарын көрө жатабыз.

Ширин Айтматова стала фигурантом дела о мошенничестве (фото)

Белгилей кетсек, VB.KG редакциясы Юрий Ким менен Айдана Амантурова, Ширин Айтматованын жазышкан бардык сөздөрүнүн скриншотторун жарыялаган жок. Бирок алар редакциянын колунда бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости