www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиянын туштук - чыгыш аралында жайгашкан Сингапур шаары дуйнөну таң калтырууда. Сингапур өлкөсу озунун меймандостугу, керемет шаарлары менен гана эмес, керемет экономикасы менен өнүккөн 3 ири мамлекеттердин тизмесине кошулган.

Сингапур шаарларыны акыркы 30 жыл ичинде аябай өнүккөндүгүн айтып жатышат. Жогорку айып пулдар жана катаал мыйзамдар тургундарын түйшүккө салбайт. Улам кылмышкерлерге карата катуу жазалар коюлса да, тургундар шаар ичинде түнкүсүн эркин жүрө алышат. Ал эле эмес өз тургундарына жөн эле акча таратат. Бул алгачкы жолу эмес, көп жылдар бою ушул системада иштеп келет.

Шаар өкмөтү паракорлукту толугу менен жеңип өлкөнүн экономикасын өсүүсүнө зор түрткү болгон. Сингапур азыр алдыңкы каржылык борборлор арасында жана ИДПга карата алганда беш дүйнөлүк лидерлердин арасында 4-орунду ээлейт. Каржы министрлиги өлкө бюджетин көзөмөлдөп ашыкча сумманы жөнөкөй тургундарга бөлүп берет.

Сингапурдун мындай кылганы, экономикалык системасынын өзгөчө укмуштуулугун көрсөтөт. Ушул таризде жыл сайын калган каражаттардын калдыгын, жылдык эмгек акынын өлчөмүнө жараша ар бир бойго жеткен тургундарынын арасында бөлүштүрүлөт. Мисалы, бир жылда 100 миң доллар киреше тапса, 100 доллардан бөлүп берет. Ал эми 30 миң доллар киреше тапкандарга 300 доллар бөлүнөт.

2017 жылы Сингапур өз тургундарына дээрлик 7,3 миллиард доллар, 2018 жылы 511 миллион доллар тараткан. Ошентип бийлик өлкөнүн экономикасын өзгөчө ыкма менен өнүктүрүп келет. Дагы бийлик өз элине муктаждыгы болбосо, муктаж болгондорго беруусун кеңеш берет. Сингапурдун мындай төлөмдөгү берешендигинен сырткары, мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызыктуу бонустук системасы бар. Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы төмөн болгондуктан аларга кичинекей жөлөкпул жана бонустарды төлөйт жана киреше салыктан толугу менен бошотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости