www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирген.

«Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү бул илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттеринин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механимздерин иштеп чыгуу керектигин белгилеген.

Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айткан.

«Бул платформанын алкагында ар кандай кооптуу оорулар менен күрөшүү максатында бирдиктүү дары-дармектердин виртуалдык базасын түзүү сунушталат. Онлайн платформа биздин мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү, илдетке чалдыккандарды жана алар менен байланышкан адамдарды өз убагында аныктоону тездетет. Мамлекеттерибиздин ортосунда коронавируска каршы күрөшүү тажрыйбалары менен маалымат алмашуу жана чогуу аракеттенүү максатында саламаттыкты сактоо министрлеринин видео-конференциясын уюштурууга негиз болот», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары, азыркы күндө Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары коронавируска тиешелүү киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекендерине кайта албай, башка өлкөлөрдө калгандыгын кошумчалаган.

«Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, Сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем», - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Жогоруда белгиленген кыргыз тараптын сунуштары ортодогу боордоштуктун духуна шайкеш келерине жана колдоо табарына ишенимин билдирди. Уюмдун дарамети натыйжалуу пайдаланылса, алдыда турган кыйынчылыктарды бирге басып өтүүгө кеңештин мүчө өлкөлөрүндө бардык шарттар бар экендигин кошумчалады.

Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттери - Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилигине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости